Өнүгүү жана лидерлик: Манас шаарында жаштар борбору ачылды

Аймак 04 Июнь 2026 13:35
1.jpg
710497592_2102133427320577_4660977483174549181_n.jpg
710351136_2102140647319855_7536721734746656503_n.jpg
710782101_2102140053986581_5278340273492136426_n.jpg
710782136_2102140343986552_3802099237358569123_n.jpg
710782206_2102139923986594_4748526747290818610_n.jpg
710782241_2102140680653185_6850330748362043278_n.jpg
710799654_2102140280653225_8786946354223246953_n.jpg
710799687_2102140617319858_7059813015201290834_n.jpg
710827306_2102140307319889_1197374496256663039_n.jpg
711368993_2102140373986549_3644221298793651350_n.jpg
714444584_2102138533986733_1036512982892071242_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 04.06.26. /Кабар/. Манас шаарында жаштардын өнүгүүсүнө жана лидерлик сапаттарын арттырууга багытталган "Демилге" жаштар борбору ачылды.

Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, борбор мамлекеттик жаштар саясатынын алкагында жаштардын демилгелерин колдоого, алардын потенциалын өнүктүрүүгө жана коомдук турмушка активдүү катышуусуна көмөк көрсөтүүгө багытталган.

"Демилге" жаштар борбору Манас шаарынын мэриясы тарабынан БУУнун Өнүктүрүү программасы менен өнөктөштүктө Россиянын каржылык колдоосу аркылуу түзүлгөн.

Долбоор Кыргызстанды 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасында белгиленген жаштарды өнүктүрүү, аларды жумуш менен камсыз кылуу жана адамдык капиталды чыңдоо боюнча артыкчылыктуу багыттарды ишке ашырууга басым жасайт.

Иш-чарага онлайн катышкан президенттин өкүлү Тилек Текебаев борбор жаштардын билим алуусуна, ишкердик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана аларды коомдук-экономикалык турмушка активдүү тартууга чоң өбөлгө болорун белгиледи.