Өнүгүү үчүн акча. Кыргызстан 700 млн долларлык суверендүү еврооблигацияларды чыгарды

Аналитика Загрузка... 28 Май 2025 17:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
Бактыбек Мамбетов

Бактыбек Мамбетов

Бардык материалдар

Кыргызстан 2025-жылдын 27-майында Лондондо эл аралык финансы рынокторуна суверендүү еврооблигацияларын дебюттук жайгаштырууну ийгиликтүү ишке ашырып, 700 миллион АКШ доллары өлчөмүндө каражат тартты.

Облигациялардын купондук ставкасы 7,75% ды, мөөнөтү 5 жылды түзөт.

​Инвесторлордун жалпы суроо-талабы 2,1 миллиард АКШ долларынан ашып, бул көрсөткүч келишимдин финалдык көлөмүнөн 3 эсеге жогору болду. Жайгаштыруу процессине Улуу Британия, АКШ, Европа жана Азия өлкөлөрүнөн 100дөн ашык эл аралык инвесторлор катышты.

​Кыргыз Республикасы еврооблигациялар рыногуна ийгиликтүү чыгууну өлкөнүн инвестициялык аброюн бекемдөөгө, инфраструктураны, энергетиканы өнүктүрүүгө жана мамлекеттик финансынын туруктуулугун жогорулатууга узак мөөнөттүү каражаттарды тартуудагы маанилүү кадам катары карайт. Бул жөнүндө КР Финансы министрлиги билдирди.

Еврооблигациялар - бул ар кайсы өлкөлөрдүн инвесторлорунун каражаттарын тартуу үчүн өлкө тарабынан чыгарылган карыздык баалуу кагаздар. Бул баалуу кагаздар аркылуу чогулган каражаттар республиканын инфраструктурасын, энергетикасын өнүктүрүүгө жана финансылык туруктуулукту жогорулатууга жумшаса болот.

Эксперттер мындай баалуу кагаздарды Европада биринчи эле дебюттук жайгаштыруу ийгиликтүү болуп, инвесторлордун суроо-талабы 2,1 миллиард АКШ долларынан ашып кеткени инвесторлордун кызыгуусунун жогору болгонунун белгиси дешет. Себеби, Кыргызстандын макроэкономикалык саясаты, финансылык системасынын туруктуулугу, эл аралык финансылык интеграцияны тереңдетүү үчүн аракеттери бүгүнкү күнү эл аралык инвесторлорду ишендире алат.

Кыргызстандын эмгек сиңирген экономисти Нурбек Элебаев эл аралык ресурстарга туруктуу жетүү өлкөнүн өнүгүүсү үчүн маанилүү экенин белгилейт.

«Менин оюмча, Кыргызстандын эл аралык каржы рынокторунда жетишкен олуттуу ийгиликтери деп айтсак болот. Биздин суверендүү облигацияларыбыз үч эсе ашыкча суроо-талапка ээ болгон фактысы көп нерседен кабар берет. Башкача айтканда, келечекте биз узак мөөнөткө тартылган каражаттар боюнча пайыздык ставкаларды төмөндөтүүгө жана албетте, керек болсо эмиссияны көбөйтүүгө жетише алабыз.

700 миллион долларды экономикага 7,75% менен тартуу азыр пайдалуу жана ички рыноктогу көрсөткүчтөр менен салыштырууга болбойт. Мунун негизги артыкчылыгы – бул кыргыз өкмөтүнүн облигацияларынын эл аралык аянтчаларда дебюттук чыгарылышы жана ал ийгиликтүү өткөндүктөн, мындай кызматташуунун жакшы келечеги бар дегенди билдирет.

Ошол эле учурда тышкы карызга байланыштуу тобокелдиктер минималдуу. Албетте, көп нерсе инвестициялана турган долбоорлордун өзүн-өзү актоо мөөнөттөрүнөн көз каранды болот. Бирок ал дагы эле узак мөөнөттүү келечекте пайдалуу. Инвестициялар азыр узак мөөнөттүү келечекте финансылык туруктуулукту жана инфраструктуранын өсүшүн камсыз кылуу үчүн зарыл. Ошол эле учурда төлөнө турган үстөк пайызы бизге эч кандай кыйынчылык жаратпайт, анткени ички рынокко караганда дээрлик эки эсеге төмөн», - дейт Нурбек Элебаев.

Кыргызстандын Финансы министрлиги да тышкы карыздын көбөйүшүнө байланыштуу бюджетке кошумча жүк түшүп жатканы боюнча шектенүүнү жокко чыгарды.

«7,75% чен Кыргыз Республикасынын эгемендүү еврооблигацияларынын дебюттук эмиссиясынын рыноктук шарттарына туура келет. Кирешелүүлүктүн деңгээли учурдагы макроэкономикалык кырдаалды, өлкөнүн кредиттик рейтингин жана Кыргызстандын эл аралык карыз рыногунун жаңы катышуучусу катары статусун чагылдырат. Бул көрсөткүч инвесторлор тарабынан алгылыктуу катары кабыл алынат жана мамлекеттик карызга ашыкча жүк түзбөйт.

Мындан тышкары, чогулган каражаттар өлкөнүн ичинде экономикалык жактан натыйжалуу, тез кайтарымдуулугу жогору, жогорку рентабелдүү долбоорлорду каржылоого жумшала тургандыгын эске алсак, бул еврооблигациялар боюнча карызды жабуу жана тейлөөнү ушул долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында алынган кирешелердин эсебинен жүргүзүү пландаштырылууда. Буга байланыштуу мамлекеттик бюджетке кошумча жүк салуу алынып салынды”, - деп билдирди “Кабар” агенттигине мамлекеттик карызды башкаруу бөлүмүнүн башчысы Арзуубек Жумаев.

Эл аралык каржы рынокторуна кирүү мамлекетке орточо пайыздык чен менен өнүгүүгө олуттуу кошумча инвестицияларды тартууга мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Азыр Кыргызстандын экономикасы көтөрүлүп, активдүү өнүгүү фазасында турганда ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн каражаттарды тартуунун ылдамдыгы маанилүү. Темпти сактап, бүгүнкү ийгиликти өнүктүрүү маанилүү. Күчтүү экономиканын пайдубалына салынган ар бир сом дивиденд түрүндө гана эмес, өзүн-өзү актаган долбоорлорду ишке ашырып, Кыргызстанды технологиялык жактан өнүккөн мамлекетке жеткирүүгө чоң салым кошот.