Бишкек, 09.10.25. /Кабар/. 86 жашында белгилүү илимпоз, экономика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын мүчө-корреспонденти, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкери — Исаков Кумен Исакович дүйнө салды.
Исаков Кумен 1940-жылдын 7-июлунда Чүй облусунун Кемин районунун Борду айылында туулган.
1965-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетин бүтүргөн. Окутуучулук ишин Фрунзе политехникалык институтунда “Экономика, уюмдаштыруу жана ишканаларды пландоо” кафедрасында баштаган.
1969-жылдан тартып С. Орджоникидзе атындагы Москва башкаруу институтунун аспирантурасында окуп, 1973-жылы кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон. Андан кийин экономика илимдеринин доктору наамын алган.
1973-1990-жылдары ФПИде ар кандай кызматтарды аркалап, улук окутуучу, кафедра башчысы жана инженердик-курулуш факультетинин деканы болуп иштеген.
1990-жылы Кыргыз Республикасынын министрлер советинин чакыруусу менен мамлекеттик кызматка өткөн жана социалдык-мәдени саясат тармагында жетекчилик кызматтарды ээлеген.
2000-жылдан тартып Кыргыз-Россия Славян университетинин биринчи проректору болгон.
Билим берүү жана илимди өнүктүрүүгө кошкон көп жылдык натыйжалуу жана активдүү салымы үчүн Исаков Кумен Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер деген наамга ээ болгон. Анын эмгеги Россия Федерациясынын президенти В.В. Путиндин, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн, Кесиптик союздардын Борбордук комитетинин (ВЦСПС) жана башка көптөгөн ведомстволук сыйлыктар менен бааланган.
Исаков Кумен Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын мүчө-корреспонденти жана Кыргыз Республикасынын башкаруу жана ишкердик академиясынын толук мүчөсү болгон.
Ал экономика жана өндүрүштү башкаруу чөйрөсүндө таанымал адис болуп, 70тен ашык илимий эмгектин, анын ичинде 5 коллективдүү монографиянын автору.
Өмүрү жана эмгеги менен Исаков Кумен Кыргызстандын экономика илими жана билим берүү тармагында терең из калтырды.
Үй-бүлөсүнө, жакындарына жана досторуна терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.
Кумен Исаков менен коштошуу зыйнаты 2025-жылдын 10-октябрында, саат 09:00дө, Ала-Арча 2 районунда, 61-үйдө өтөт.
Жерге берүү зыйнаты Чүй облусунун Кемин районундагы Борду айылында болот.