Бишкек, 04.11.25. /Кабар/. Нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысы Канатбек Эшатов «Кабар» агенттигине берген комментарийинде Кыргызстан Россиядан бензин жана дизель майын алууну улантып жатканын белгиледи.
«Көлөмү бир аз кыскарды, мурда түзүлгөн запастар жардам берип жатат, бирок азырынча абал салыштырмалуу туруктуу. Дайыма сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан өнөктөштөр жылдын аягына чейин республикага бажы алымысыз күйүүчү-майлоочу майларды жеткирүү боюнча бардык милдеттенмелер аткарыларын убада кылышууда. Ошол эле учурда биздин өтүнүчүбүз боюнча дизель майына болгон квота көбөйтүлдү», - деп белгиледи Эшатов.
Ошондой эле, ал азыр өкмөт нефтетрейдерлер менен биргеликте күйүүчү май сатып алууну диверсификациялоо варианттарын иштеп жатканын белгиледи.

"Кризиске жол бербөө үчүн бардык аракеттер көрүлүүдө. Эгер кырдаал начарлоо тенденциясына ээ болсо, жеткирүүнүн альтернативдүү булактары боюнча белгилүү бир план бар. Бул иш үзгүлтүксүз негизде жүргүзүлүүдө", - деп баса белгиледи ал.
Буга чейин эксперттер Азербайжандан, Казакстандан жана Кытайдан кошумча көлөмдөгү нефть продуктуларын сатып алуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө айтышкан.
Эгерде бул отун россиялык отунга караганда кымбат болсо, өкмөт акциздик салыкты, КНСти, маркалоону, сертификациялоону, экологиялык жыйымды жана жол фондуна чегерүүлөрдү убактылуу алып салуу мүмкүнчүлүгүн караштырган.
Бул чаралар күйүүчү-майлоочу майларга биржалык баалар көтөрүлгөндө май куюучу станциялардагы чекене баалардын кескин өсүшүнө жол бербөөгө мүмкүндүк бермек.