Нефтетрейдерлер ассоциациясы күйүүчү майды жеткирүү боюнча маалымат берди

Экономика Загрузка... 22 Октябрь 2025 16:45
cd24dae0-0dbb-4ec7-.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW
Бактыбек Мамбетов

Бактыбек Мамбетов

Бардык материалдар

Бишкек, 22.10.25. /Кабар/. Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов “Кабар” маалымат агенттигине Кыргызстанга мунай продуктуларын жеткирүүдөгү кырдаал боюнча маалымат берди.

Учурда республикага бензин жана дизелдик отун азыраак көлөмдө келип жатат. Бирок бул убактылуу кыйынчылыктарды жеңилдетүүгө жана баанын олку-солкулугун текшилөөгө мүмкүндүк бере турган өлкөдө күйүүчү майдын запастары бар. Учурда трейдерлер кыргыз өкмөтү менен тыгыз кызматташып, кошумча күйүүчү-майлоочу май менен камсыз кылуу үчүн аракет жүргүзүүдө.

"Күйүүчү жана майлоочу майлар рыногундагы кырдаал күтүлбөгөндөй бир аз татаалыраак болуп жатат, Себеби, акыркы эки айда россиялык нефтини кайра иштетүүчү заводдор бизге жөнөтүүнү азайтышкан. Биздин бир катар негизги жеткирүүчүлөрдүн нефтини кайра иштетүүчү заводдору пландуу да, авариялык да оңдоодон өтүүдө. Натыйжада нефтетрейдерлердин запастары бир айга чейин азайды. Ошондуктан бул кырдаалды жөнгө салуу үчүн өкмөттөн жардам сурадык.

Учурда бул маселе боюнча министрлер кабинети менен нефтетрейдерлер тыгыз иш алып барууда. Бир нече жыйындар өтүп, бензин менен дизелдик майдын таңкыстыгын жана кескин кымбатташын болтурбоо үчүн ар кандай жолдор каралууда", - деп түшүндүрдү Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Канатбек Эшатов.