Кыргызстанда ишкерлердин инвестициялык долбоорлорун ишке ашырууга мамлекет тарабынан колдоолор көрсөтүлүп, жагымдуу шарттар түзүлүп келет. Ички же чет өлкөлүк инвестор жаңы өндүрүш ачып, ишин илгерилетиши үчүн бул абдан зарыл. Ал эми өз кезегинде ишкана, завод-фабрикалар жаңы жумуш орундарын түзүп, салык төлөп, өлкө экономикасына салым кошору талашсыз. “Кабар" агенттиги бул ирет өз күчү менен инвестиция салып, ишин баштаган ишкерлерди кепке тартты.

Бүгүнкү күндө өлкөдө текстиль тармагында иш алып барган ишкерлердин катары арбын. Алардын катарын эми “Алдос Текстиль” текстиль комбинаты толуктамакчы. Учурда ушул компания Чүй облусунун Токмок шаарында өз өндүрүшүн ачканы турат. Жалпысынан мында 1 млрд 700 млн сом суммасында инвестиция салынууда. Бул тууралуу текстиль комбинатынын өкүлү Кемелбек Норузбеков “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, 2024-жылы октябрь айында аукциондун негизинде Токмок шаарынын аймагынан 31 гектар жерди ижарага алышкан. Учурда жеринде курулуш иштери кызуу жүрүп жатат.
Саналуу айлардан кийин ишкана пайдаланууга берилгенде 400-500дөй жумуш оруну түзүлөрү күтүлүүдө. Комбинат продукциясын ички жана тышкы рынокко сатууну көздөп жатат.
“Бизге мамлекет тарабынан 31 гектар жер берилгендиктен, аймакты көп профилдүү кылып туура пайдаланууну чечтик. Өндүрүш аймагыбызда текстиль комбинатынан тышкары, айнек профиль, газоблок, модулдуу үй, электрондук батарейкаларды чыгаруучу цехтерди жайгаштырууну да пландап жатабыз. Жергиликтүү тургундарды кошумча жумуш орундары менен камсыздоо максатында соода күркөлөрүн да уюштуруудабыз”, - деди ал.
Кемелбек Норузбеков “Алдос Текстиль” комбинаты ишке киргенде мамлекетке салыкты өз убагында төлөнөрүн, экономиканын өнүгүшүнө салым кошорун белгилейт.

“Азыр билесиздер салык төлөө санариптештирилип, иш ачык-айкын көрсөтүлөт. Буга байланыштуу биздин ишкананын эсебинен мамлекетке салык өз убагында түшөт. Токмок шаарынын мэриясы, архитектура, энергетика тармактары ишибизге эч тоскоолдук кылбай, болушунча бизге көмөк көрсөтүп жатат”, - деп айтты комбинаттын өкүлү.
Ишкердикти өздөштүрүп, айрымдар жаңыдан минтип ишин баштоого кадам таштап жатса, өндүрүш кубаттуулугун кеңейтип, иш темпин күчөткөн ишканалар жок эмес. Алардын катарында “Терек Таш” жоопкерчилиги чектелген коому да бар.

Компаниянын башкы директорунун орун басары Акыл Түгөлбаев “Кабар” агенттигине маалымдагандай, учурда алардын Кемин районунда клинкер, Ысык-Ата районунда цемент чыгаруучу заводдору иштеп жатат. Өндүрүш жайгашкан жер тилкелери мамлекет тарабынан ишкерлерге 49 жылга ижарага берилген.

“Кеминде клинкер чыгаруучу заводубуз бар. Ысык-Атада болсо, цемент чыгаруучу заводубуз иштеп жатат. Негизинен ишибиздин басымдуу бөлүгү цемент чыгарууга багытталган. 2022-жылдан азыркы күнгө чейин ишканабызда 700гө жакын кызматкер эмгектенүүдө”, - деди ишкер.

Ата мекендик ишкана продукциясы менен Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарын камсыздап келет. Ошондой эле продукциясынын 80%ы өлкөдө ишке ашып жаткан ири долбоорлорго - турак жай, темир жол объекттеринин курулушуна жумшалууда.

“2022-жылы министрлер кабинети менен түзүлгөн инвестициялык макулдашуунун негизинде жер тилкеси берилген. Биз жоокерчилик алып, жер бөлүнсө Кыргызстандын экономикасына чоң салым кошо турган заводдорду курабыз деп айтканбыз. Азыр долбоорубуз ишке ашып ийгиликтүү иштеп жатабыз. Былтыр 500 млн сомдон ашык салык төлөнгөн. Быйыл 700 млн сомдон ашык салык төлөнөт деп пландап жатабыз. Продукцияны өндүрүү боюнча айтсак, 2025-жылы 1 млн 76 миң тонна цемент чыгардык. Мындай көлөмдөгү продукцияны сатуу чоң жетишкендик. Кыргызстанда ири долбоорлор ишке ашып жаткандыктан курулуш материалдарына суроо-талап жогорулады. 2026-жылы 1,5 млн тонна цемент чыгарууну мерчемдеп жатабыз”, - деп белгиледи Акыл Түгөлбаев.
Ошондой эле мамлекет тарабынан жеңилдетилген насыя алып, ишкердигин баштаган жарандар жок эмес.

Ишкер Ильяс Амираев 130 млн сом инвестиция салып, Талас облусунун Манас районунда “Адис нан” ЖЧКсын ачкан. Үч жылдан бери мында нан жана кондитердик азыктар чыгарылууда.

“Алгач 90 чарчы метр жерден баштаганбыз, улам имаратыбыздын аянтын кеңейтип жатабыз. Мамлекет тарабынан ишкердигибизди өнүктүрүүгө буга чейин 77,6 млн сом берилген. Жакынкы күндөрү дагы 72,4 млн сом алганы турабыз. Ишканабызды кеңейтип алып, башка облустарга да продукциябызды сатууну пландоодобуз. Азыр тиешелүү жергиликтүү органдар тарабынан ишибизди илгерилетүүгө жардамдар берилүүдө. Учурда бир күндө 2 тонна ун керектейбиз. Ишканада 20 киши иштеп жатат. Алдыда алардын саны 100гө чейин жетет деген ойдобуз”, - деди ишкер.