Насыя алууга өз алдынча тыюу салуу жарандарды финансылык алдамчылыктан коргойт - Улуттук банк

Экономика Загрузка... 30 Октябрь 2025 17:16
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Бишкек, 30.10.25. /Кабар/. Улуттук банк жарандарды интернеттеги алдамчылыктан коргоо үчүн насыя берүүгө өзүнө өзү тыюу салуу механизмин киргизди. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасынын орун басары Бектур Алиев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Улуттук банкка жана укук коргоо органдарына алдамчылык аракеттердин курмандыгы болгон жарандардан көптөгөн арыздар түшүүдө. Алдамчылар жаңы схемаларды колдонуп, жеке адамдардын атына онлайн насыяларды берип, аларды каржылык кулчулукка мажбурлап жатышат.

3.jpg

"Биз мындай учурлардын алдын алуу үчүн эң натыйжалуу механизмдердин бири — бул насыяларга өз алдынча тыюу салуу (самозапрет) системасын киргизүү деп эсептейбиз. Жаран өз алдынча тыюу салууну орноткондон кийин алдамчылар анын паспорттук маалыматтарын колго алышса да, өлкөдөгү бир дагы банк же микрокредиттик компания анын атына онлайн-насыя бере албайт", - деп белгиледи ал.

Алиев ошондой эле бул механизмдин ишке кириши жарандарды финансылык кылмыштардан коргоону күчөтүү боюнча комплекстүү аракеттердин башталышы гана экенин баса белгиледи.