NASA`нын астронавттары ачык космоско чыгып, 6 сааттан ашык иштеди

Дүйнө Жүктөлүүдө... 07 Август 2026 14:00
WhatsApp Image 2026-08-07 at 09.01.26.jpeg
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 07.08.26. /Кабар/. АКШнын NASA агенттигинин астронавттары Жессика Мейр жана Анил Менон Эл аралык космос станциясынын сыртындагы ачык космоско чыгышты. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, астронавттар ачык космосто 6 саат 27 мүнөт иштеп, негизги тапшырмаларды аткарышты. Алардын арасында электр энергиясын камсыздоо каналын даярдоо иштери да бар.

Аткарылган иштер орбиталык лабораторияны кошумча электр энергиясы менен камсыздай турган күн панелдерин орнотууга негиз түзөт. Ошондой эле бул иштер станциянын маанилүү системаларынын ишин колдоого жана Эл аралык космос станциясын орбитадан коопсуз башкарылган түрдө чыгарууга даярдык көрүүгө жардам берет.

Бул Эл аралык космос станциясын чогултуу, техникалык тейлөө жана жаңылоо иштеринин алкагындагы 281-ачык космоско чыгуу болду.

Анил Менон үчүн бул ачык космоско биринчи чыгуу болсо, Жессика Мейр мындай миссияны алтынчы жолу аткарды.

Буга чейин NASA Айды изилдөө боюнча "Артемида" программасынын графигин өзгөртүп, астронавттардын Айдын бетине алгачкы конуусу 2028-жылдан эрте болбой турганын билдирген.