Нарындын Ленин көчөсүнө жаңы жол чырактар орнотулду

Аймак 16 сентябрь 2026 17:00
WhatsApp Image 2026-09-16 at 16.59.23.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-16 at 16.59.01.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-16 at 16.59.41.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-09-16 at 16.59.23.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-16 at 16.59.01.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-16 at 16.59.41.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 16.09.26 /Кабар/. Нарын шаарындагы Ленин көчөсүнө 8 даана жаңы жол чырак орнотулду. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирет.

Ошондой эле жол жээктерине лотокторду коюу улантылып, тротуарларды иретке келтирүү иштери жүрүп, жолдун кириш-чыгыш бөлүктөрүн асфальттоо иштери жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, мектептердин жана бала бакчалардын аймагындагы жөө адамдар өтүүчү тилкелерге жол чийимдери түшүрүлүп, тиешелүү жол белгилери орнотулууда.

Аткарылып жаткан иштердин негизги максаты – жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатып, жөө жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарт түзүү.