Нарындын Куйбышев айылында 375 орундуу мектеп курулууда

Аймак

Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 12.06.25. /Кабар/. Нарын районунун Куйбышев айылында 375 орундуу мектеп курулууда.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, мектептин курулушу республикалык бюджеттен каржыланып, 148,6 млн сом бөлүнгөн.

Мектеп 375 окуучу орунга ылайыкталган жана үч блоктон турат: эки кабаттуу окуу корпусу, спорт залы жана өтмө галерея.

Окуу класстары менен катар китепкана, лаборатория, актовый зал, компьютердик класс жана балдар, кыздар үчүн атайын устаканалар каралган.