Нарындагы Салкын-Төр капчыгайы толук реконструкцияланат – Орунбеков

Коом 25 июль 2025 18:12
524170726_24078966235090491_1178797299945138641_n.jpg
522835323_24078966455090469_3044886731632370567_n.jpg
523377846_24078966298423818_5919030550809815356_n.jpg
524067178_24078966475090467_6192665924993321111_n.jpg
Алдыга
Артка
524170726_24078966235090491_1178797299945138641_n.jpg
522835323_24078966455090469_3044886731632370567_n.jpg
523377846_24078966298423818_5919030550809815356_n.jpg
524067178_24078966475090467_6192665924993321111_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Дайырбек Орунбековдун социалдык тармактагы баракчасынан

Бишкек, 25.07.25. /Кабар/. Жакында Нарындагы Салкын-Төр капчыгайы туристтерди кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Ал аты айтып тургандай эле бул жай салкын, шылдырап суу агып, абасы таза, жайкалган шибер, тоосу толгон карагай-арча экенин белгиледи.

"Бул жерге союз мезгилинде эс алуу жайы курулуп, элди тейлеп келген. Кийин каралбай, имараттары бузулуп, ээнсиреп, ташталып калыптыр.

Мына ушул жерди Президент Садыр Жапаров “Чүйдөгү Ала-Арча паркындай кылып оңдоп, жаңы имараттарды кургула”-деген тапшырма берип, Иш Башкаруучусу Каныбек Туманбаевди жиберип, мен дагы чогуу барып көрүп келдим. Иш Башкармалык Салкын-Төр паркын калыбына келтирүү жана жаңы имараттарды куруу боюнча долбооруна киришти. Буюрса, жакынкы аралыктарда Нарындагы Салкын-Төр капчыгайы туристтерди жана эс алуучуларды кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот", - деп жазды ал.