Нарындагы "Ала Тоо" стадиону жаңыланууда: Соода түйүндөрүн бир типке келтирүү башталды

Аймак 27 Июль 2026 17:25
1783654603-198.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
758288837_2076589409600323_401016760253020960_n.jpg
758573659_2076589572933640_27913327103192171_n.jpg
758518261_2076589636266967_1315037495617508236_n.jpg
758730909_2076589566266974_7408580164154595041_n.jpg
758456119_2076589529600311_490290949606291572_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Нарын шаарынын мэриясы

Бишкек, 27.07.26. /Кабар/. Нарын шаарында кеңейтилип, кайра курулуп жаткан "Ала Тоо" стадионун куруу иштери уланууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев стадиондун айланасындагы соода түйүн ээлерин кабыл алып, аймакташ жайгашкан соода жайларынын айрымдарын алууну, фасаддарын бир типке келтирип иретке келтирүүнү сүйлөшүп, тийиштүү жетекчилерге көзөмөлдөө менен уюштурууну тапшырды.

Белгилей кетсек, Нарын шаарындагы "Ала-Тоо" стадиону толугу менен реконструкцияланып, заманбап 5 миң орундуу спорттук комплекске айланат. Долбоорду даярдоо үчүн шаардык бюджеттин эсебинен 2 млн 300 миң сом бөлүнүп берилген.