Нарын шаарындагы "Ала-Тоо" стадиону 5 миң орундуу спорттук комплекске айланат

Аймак 17 Апрель 2025 12:20
WhatsApp_Image_2025-04-17_at__CQny1hH.max-1920x1080.format-webp.webp
WhatsApp_Image_2025-04-17_at__es8w6mg.max-1920x1080.format-webp.webp
WhatsApp_Image_2025-04-17_at__yOGKvR0.max-1920x1080.format-webp.webp
WhatsApp_Image_2025-04-17_at__d2C5HaU.max-1920x1080.format-webp.webp
WhatsApp_Image_2025-04-17_at__9VijKEW.max-1920x1080.format-webp.webp
WhatsApp_Image_2025-04-17_at__9EAQIwJ.max-1920x1080.format-webp.webp
Алдыга
Артка

copyright icon Нарын шаардык мэриясы

Бишкек, 17.04.25. /Кабар/. Нарын шаарындагы "Ала-Тоо" стадиону толугу менен реконструкцияланып, заманбап 5 миң орундуу спорттук комплекске айланат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоорду даярдоо үчүн шаардык бюджеттин эсебинен 2 млн 300 миң сом бөлүнүп берилди.

Долбоордун алкагында төмөнкү иштер жасалат:

  • 5000 орундуу заманбап трибуналар;
  • жамгырдан жана күндөн коргой турган жабуу;
  • эл аралык стандарттагы футбол талаасы;
  • жөө күлүктөр үчүн 6 жолдуу чуркоо тилкелери;
  • жогорку сапаттагы түнкү жарыктандыруу мунаралары;
  • автотоктотмо жай жана коопсуз кире бериштер;
  • замандын талабына жооп берген инженердик-техникалык шарттар.

Бул стадион Нарындын гана эмес, бүтүндөй аймактын спорттук инфраструктурасындагы чоң жаңылануу болуп саналат. Бул жерден республикалык жана эл аралык деңгээлдеги мелдештерди өткөрүүгө мүмкүнчүлүк жаралат.