Нарын облусунун Жылан-Арык айылынын тургундары Бактыбек Бектурганов менен Элзат Сатарованын кубанычында чек жок. Жубайлар 8-ирет ата-эне болушту. Бул жолу үй-бүлөдө эгиз кыздар төрөлдү.

Ага чейин түгөйлөр беш кыз, бир уулду тарбиялап келишкен. Жубайлардын айтымында, экөө тең кичинесинен көп балалуу болууну кыялданган.
"Кыздарыбыз жакшы төрөлдү, салмактары да жакшы болду. Болгону төрөттөн кийин дене табым көтөрүлүп, он күндөй дарыгерлердин көзөмөлүндө болдум. Мен өзүм үч бир тууганмын. Кичинекей кезимден эле көп балалуу болууну кыялданчумун. Жолдошум экөөбүздүн да ойлорубуз дал келип, сегиз баланын ата-энеси болуп отурабыз. Көп балалуу үй-бүлөнүн негизги жыргалчылыгы — баланын өзү байлык экенинде. Балага жетпей жүргөн адамдар да бар. Биз үчүн бакыт — балдарыбыздын күлкүсү, үйдү чачып чуркап ойногону. Албетте, ар бир баланын өз түйшүгү бар. Айрыкча ооруп калган учурларда кыйынчылык сезилет", — дейт көп балалуу эне.

Бул үй-бүлөдө өз ара ынтымакты, тартипти кармап турган эрежелер бар. Мисалы, аларда "аялдын жумушу" же "эркектин жумушу" деп бөлүнүү жок. Үй-бүлө башчысынын жумуштан колу бошобой калса, үй кожойкеси сырттагы иштерге көмөктөшөт. Ал эми үйдөгү жумуш көбөйгөн учурда күйөөсү жардамдашат. Жубайлар балдарын да үй тиричилигине бышырып коюшкан. Окуу маалында балдары айылда чоң энесинин колунда болушат. Каникул учурунда гана ата-энесине барып турушат. Себеби ата-энеси жайында жайлоодо, кышында кашарда мал багып тиричилик кылышат.

"Элдин малын чогултуп алып жайлоого чыгабыз. Балдарыбызды багып, окуталы деп эмгектенип келебиз. Мен аталарга айтар элем — бала чоң байлык. Көп балалуу болгула. Биз жөн гана багыт берип турабыз, негизинен балдар өздөрү эле чоңоёт. Ар бир бала өз ырыскысы менен келет", — дейт Бактыбек Бектурганов.
Мындан беш ай мурда бийик тоолуу жана алыскы аймактардагы көп балалуу энелерди колдоо максатында "Бала Береке" бир жолку төлөмү каралган. Ага ылайык, сегизинчи баласын төрөгөн энелерге 1 млн 200 миң сом өлчөмүндө жардам берүү пландалган. Бирок үй-бүлө бул жардамга илинер-илинбеси азырынча так эмес экенин айтышат.

"Биз 3 миң сомдук жөлөк пулга документ тапшырып, биринчи акчабызды алдык. Уулубуз азыр 1,5 жашта. Эми кыздарыбызга да тапшыралы деп жатабыз. Ал эми миллион сом тууралуу маселе так эмес. Айрымдар аласыңар дешсе, башкалары биздин айыл тоолуу аймакка кирбейт дешет. Нарын облусун толугу менен тоолуу аймак катары карап, убада кылынган колдоо берилсе жакшы болмок", — деп кошумчалады Сатарова.

Сегиз баланы тарбиялап жаткан бул үй-бүлө үчүн эң чоң байлык — балдардын амандыгы.
Жубайлардын айтымында, канча түйшүк болсо да, үй толо баланын күлкүсү бардык чарчоону унуттурат. Ал эми алар сыяктуу көп балалуу үй-бүлөлөр үчүн мамлекеттин колдоосу болсо, тоолуу аймактагы жашоону жеңилдетмек дешет каармандар.
Эске сала кетсек, 1-июлдан тартып "Бала ырысы" программасы күчүнө кирет. Ага ылайык, үч жашка чейинки ар бир балага ай сайын 1200 сом берилет. Төлөмдөрдү аткарууда үй-бүлөнүн кирешеси эске алынбайт.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, учурда Кыргызстанда үч жашка чейинки 445 миңге жакын бала жашайт.