Бишкек, 10.10.25. /Кабар/. М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борбору, Кыргызстандагы Агахан фондунун филиалы жана Нарын облустук бириккен ооруканасы өлкөдөгү жүрөк-кан тамыр ооруларын дарылоого адистешкен (КАTЛАБ) биринчи тоолуу жогорку технологиялык госпиталды түзүүгө багытталган макулдашууга кол коюшту.
Кол коюлган келишимдин алкагында Агахан Өнүктүрүү Уюму (АКДН) KICB банкынын каржылык колдоосу менен алынган заманбап медициналык жабдууларды өткөрүп берет.
Өткөрүлө турган жабдуулардын курамына эксперттик класстагы ангиографиялык комплекс, ЭХО-КГ аппараты, ошондой эле алыстан диагностика жүргүзүү жана мониторинг кылуу үчүн телемедициналык түзүлүштөр кирет.
Маалымдалгандай, бул долбоор алыскы жана бийик тоолуу райондордун жашоочуларына Бишкекке келип убара болбостон, жеринде сапаттуу кардиологиялык жардам алууга мүмкүнчүлүк берет. Агахан уюмунун колдоосу менен долбоорго жүрөк-кан тамыр ооруларын аныктоо жана дарылоо сапатын жогорулатууга багытталган заманбап санариптик технологиялар жана инновациялык чечимдер киргизилет.
Борбордун директору, профессор Талант Сооронбаев белгилегендей, госпиталь алыскы аймактарда адистештирилген жардам көрсөтө ала турган мындай деңгээлдеги алгачкы мекеме болмокчу.
Кол коюлган макулдашуунун алкагында Агахан фонду заманбап жабдууларды, анын ичинде эксперттик класстагы ангиографиялык комплексти, ЭХО-КГ аппаратын жана аралыктан диагностикалоо жана мониторинг жүргүзүү үчүн телемедициналык түзүлүштөрдү бермекчи. Бул технологиялар дарыгерлерге бейтаптарды алыстан текшерүү жана кеңеш берүү мүмкүнчүлүгүн түзөт. Белгилей кетсек, транспорттук жеткиликтүүлүк чектелүү болсо да, өз убагында жардам көрсөтүү маанилүү болгон тоолуу аймактар үчүн бул заманбап жабдууларга абдан зарыл.
Тилекке каршы учурда мамлекетибизде эң көп өлүмдөрдүн катталышы жүрөк-кан тамыр ооруларына байланыштуу экенин саламаттык сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов өз сөзүндө белгиледи.
"Тилекке каршы бүгүнкү күндө мамлекетибизде эң көп өлүмдөрдүн катталышы бул жүрөк-кан тамыр системасына байланыштуу. Биз ошондуктан атайын КАТЛАБ системасын иштеп чыктык. Жогорку технологиялык медициналык жардамдарды бардык облустарга жеткирүүгө аракет кылып жатабыз",- деди Байдавлетов.
Мындан тышкары, госпиталда "Курч миокард инфаркты 24/7" программасы ишке киргизилип, ал абалы оор бейтаптарга күнү-түнү чукул дарылоону жана акысыз стент коюуну камсыздайт, бул жүрөк ооруларынан каза болгондордун санын кыскартууга жардам берет.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча Кыргызстанда кан айлануу системасынын оорулары өлүмдүн негизги себеби бойдон калууда, ал бардык өлүм учурларынын 50 пайызына жакынын түзөт. Кардиологдорго жетүү өзгөчө кыйын болгон Нарын облусунда мындай технологияларды киргизүү жүрөк-кан тамыр ооруларын эрте аныктоого жана адам өмүрүн сактап калууга жардам берет.
Улуттук кардиология жана терапия борбору менен Агахан фондунун ортосундагы кызматташтык тараптардын тоолуу аймактардагы саламаттык сактоо системаларын чыңдоого жана сапаттуу медициналык кызматтарга бирдей жеткиликтүүлүктү камсыздоого болгон жалпы умтулууну чагылдырат.