Нарында жол тейлөө ишканаларына 73 даана атайын техника тапшырылды

Аймак 1583 24 Февраль 2025 16:33
481044773_1394991488578944_4889754750804433570_n.jpg
480567478_1394991778578915_6914320841332314060_n.jpg
480739227_1394991585245601_7627267986950448806_n.jpg
480774854_1394991465245613_2386555405774605394_n.jpg
480796741_1394991558578937_3230306924000666501_n.jpg
480808504_1394991751912251_8302333784697463166_n.jpg
480826174_1394991891912237_8315040276208591592_n.jpg
480909808_1394991501912276_2929582489399112811_n.jpg
481050175_1394991601912266_3605844085294515103_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 24.02.25. /Кабар/. Бүгүн Нарын облусунун жол тейлөө ишканаларына атайын техникалар тапшырылды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, техникаларды президенттин өкүлү Алтынбек Эргешов тапшырды.

Техникалык базаны чыңдоо, жол куруу, оңдоо иштерин тездетүү жана сапатын жогорулатуу максатында министрлер кабинети тарабынан республикадагы Жол тейлөө ишканаларына атайын техникалар алынган. Андан Нарын облусундагы 9 жол тейлөө ишканасына 73 техника бөлүнүп берилген. Алар:

  • 9 даана автогрейдер;
  • 9 даана 15 тонналык автосамосвал;
  • 9 даана каток(тротуарный);
  • 9 даана асфальт кескич(фреза);
  • 9 даана таптагыч(ручной каток);
  • 9 даана компрессор;
  • 4 даана кран-манипулятор;
  • 4 даана кум чачкыч жана алдыңкы калагы бар машина;
  • 3 даана автомашина (дубль кабина)
  • 1 даана автогудронатор (битум чачуу);
  • 2 даана автопогрузчик;
  • 1 даана МДК (кар тазалоочу техника);
  • 1 даана асфальтоукладчик;
  • 1 даана экскаватор;
  • 1 даана асфальто-бетон заводу;
  • 1 даана таш талкалоочу жабдуу.

Иш-чарада облус башчысы жолчуларды жаңы техникалуу болушу менен куттуктап, алардын жумушуна ийгилик каалоо менен бирге, техниканы өз кызыкчылыкка пайдаланып жибербей, аяр мамиле жасоо керектигин эскертти.

"Бул техника сиздердин ишиңиздерди тездетет жана жолдордун сапатын жакшыртууга чоң салым кошот деген ишеничтемин. Биздин эң негизги максатыбыз — жолдорду сапаттуу куруп, тургундарга ыңгайлуулукту камсыздоо. Техниканы өз кызыкчылыгыңыздарга пайдаланып жибербей, аяр пайдалануу керек. Жолдордун абалын, сапатын үзгүлтүксүз көзөмөлдөп турмакчыбыз", — деди А.Эргешов.

Жолдордун абалынын жакшыртылышы элдин күнүмдүк турмушундагы өтө маанилүү аспект болуп, ар бир курулган же оңдолгон жол өлкөнүн өнүгүүсүнө чоң салым кошорун белгиледи.