Нарында ЖКККБнын башчысы алдамчылыкка шектелип кармалды

Укук тартиби 15 октябрь 2025 10:40
WhatsApp Image 2025-10-15 at 06.59.23.jpeg
WhatsApp Image 2025-10-15 at 06.59.42.jpeg
WhatsApp Image 2025-10-15 at 06.59.24.jpeg
WhatsApp Image 2025-10-15 at 06.59.24 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-10-15 at 06.59.23 (1).jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 15.10.25. /Кабар/. Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-октябрда ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте кызматтык абалынан пайдаланып алдамчылыкка шектелген Нарын РИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы К.Н.Т. кармалды.

УКМК Кылмыш-жаза кодексинин "Алдамчылык" беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө аталган К.Н.Т. кызматтык абалынан пайдаланып, Нарын шаарынын тургуну А.Б.Н.нын акча каражатын алдоо жолу менен ээлеп алгандыгы аныкталган.

Кармалган жаран Ат-Башы райондук ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, сот органдарынын чечими менен ага карата 2 айга камакка алуу баш коргоо чарасы тандалган.