Нарында жер силкинди

Кырсык 147 12 Август 2026 14:10
news_news_image_2k_20251205_1041.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 12.08.26. /Кабар/. Бүгүн саат 13:14тө Нарын облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, жер титирөөнүн күчү очогунда 5 баллга чейин жетип, Ак-Чий айылынан түштүк-чыгышка карай 20, Кочкор айылынан түштүк-батышка карай 38, Бишкек шаарынан түштүк-чыгышка карай 120 чакырым аралыкта жайгашкан.

Жердин силкинүүсү Ак-Чий, Чолпон, Эпкин, Туз, Комсомол жана Орток айылдарында 5 балл, Кочкор, Кызарт, Жумгал айылдарында 4 балл жана Бишкек, Токмок жана Балыкчы шаарларында 3 баллга чейин сезилген.

Без имени.png