Нарында заманбап технологиялар менен жабдылган госпиталь ачылат

Аймак Загрузка... 17 Апрель 2025 17:38
a42382d1cd5e7d33b74.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 17.04.25. /Кабар/. Нарын шаарында жүрөк-кан тамыр ооруларын дарылоо боюнча заманбап жогорку технологиялык кластердин долбоору ишке ашырылат.

Жаңы медициналык борбор Ага Хан фондунун колдоосу менен академик М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун базасында ачылат.

Борбордун директору Талант Сооронбаев "Кабар" агенттигине берген маегинде билдиргендей, оорукана бийик тоолуу жана алыскы аймактардын жашоочуларына адистештирилген жардам көрсөтүүгө ылайыкталган биринчи оорукана болмокчу. "Бул тоо боорундагы уникалдуу оорукана болуп, заманбап медициналык жабдуулар келет. Мында элдин Бишкекке баруусунун кажети жок болуп, жардам жеринде жеткиликтүү болот", — деди.

Белгилей кетсек, кластерди түзүү жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алуу жана диагностикадан дарылоого чейинки комплекстүү моделди киргизүүнү камтыйт.

Келечекте Нарындагы бул тажрыйбаны дүйнөнүн башка тоолуу аймактарына жайылтуу пландаштырылууда.

Долбоор бүгүн Бишкекте башталган "Миррахим окууларынын" алкагында "Кардиологиядагы жана ички оорулардагы инновациялар жана технологиялар" эл аралык илимий-медициналык форумунун деңгээлинде талкууланууда.