Нарында таштанды сорттоочу комплекс ишке кирди

Аймак 11 декабрь 2025 17:40
WhatsApp Image 2025-12-11 at 17.33.33.jpeg
WhatsApp Image 2025-12-11 at 17.34.02.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-12-11 at 17.33.33.jpeg
WhatsApp Image 2025-12-11 at 17.34.02.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 11.12.25 /Кабар/. Нарын шаарында таштандыларды сорттоочу комплекс ачылды. Бул тууралуу президенттин Нарындагы өкүлчүлүгү билдирди.

Анда белгиленгендей, таштанды төгүүчү жайга курулган бул комплекс инвестициялык долбоорлордун негизинде каржыланган. Муну менен шаардагы таштандыларды кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Комплекстин ачылышына облус башчысы Нурбек Сатаров катышты.