Бишкек, 10.08.26. /Кабар/. Нарын шаарындагы РТС аймагында жаңы салынган панораманы заманбап туристтик жайга айландыруу пландалууда.
Муниципалитеттен билдиришкендей, шаар мэри Жылдызбек Беккелдиев "Сапат курулуш" ЖЧКсынын жетекчиси Валихан Жолбулаков менен панораманын айланасына инфраструктура түзүү маселесин жеринде талкуулады.
Сынактын негизинде жеке ишкерге пайдаланууга бериле турган панорамада жайкы кинотеатр, фотозона, балдар оюн аянтчасы жана тамактануучу жай уюштурулат. Ошондой эле туристтер үчүн атайын турларды өткөрүү каралууда.
Жолдорду жана панораманы натыйжалуу пайдалануу менен катар аймактын коопсуздугун, тазалыгын камсыздоо жана көрктөндүрүү иштерине өзгөчө көңүл бурулат.
Долбоор Нарын шаарынын туристтик потенциалын жогорулатууга жана шаар тургундары менен коноктор үчүн эс алууга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.