Бишкек, 10.08.26. /Кабар/. Куланак ГЭСи жана Куланак каналынын курулушуна байланыштуу Нарын – Баетов унаа жолунун 33-38-чакырымдарында жаңы жол жана көпүрө куруу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Тактап айтканда, курулуш иштери Куланак жана Достук айылдарынын ортосунда жүргүзүлүп жатат. Өлкө башчысынын Нарын облусундагы өкүлү Нурбек Сатаров жеринде болуп, жумуштардын жүрүшү менен таанышты.
Жол чарба департаментинин №2 аймактык бөлүмүнүн башчысы Асылбек Чойбеков курулуштун этаптары жана белгиленген мөөнөттөр тууралуу маалымат берди.
Облус башчысы курулуштун сапатына өзгөчө көңүл буруп, иштерди белгиленген мөөнөттө жана талапка ылайык бүткөрүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.