Бишкек, 10.08.26. /Кабар/. Каракол шаарындагы Кашка-Суу кичи районунда 12 гектар аянтты ээлеген заманбап спорт шаарчасынын курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Объекттин курулуш иштеринин жүрүшүн министр Нурдан Орунтаев текшерди. Долбоордун алкагында 275 орундуу спорт интернаты, 5 миң көрүүчүгө ылайыкталган көп функционалдуу спорт комплекси, олимпиадалык стандарттагы бассейн жана 200 орундуу мейманкана курулат.
Учурда пайдубалдарды куруу, темир-бетон конструкцияларын даярдоо жана мейманкана менен ресторандын айрым конструкция иштери жүргүзүлүүдө. Бассейн курула турган жерде жер казуу иштери башталды.
Министр курулуштун сапатына көңүл буруп, объектти белгиленген мөөнөттө бүткөрүү жана техникалык талаптарды так сактоо боюнча тапшырмаларды берди.