Кыргызстан туристтик имиджин кантип бекемдөөдө?

Туризм Жүктөлүүдө... 31 Июль 2026 17:35
515252320_3470594026417105_2969067459652629884_n.jpg
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Кыргызстан көз жоосун алган кооз жаратылышы менен туристтердин кызыгуусун жаратууда. Эс алуучулар кышы-жайы дебей өлкөгө келип жатат. Кыргызстан туристтердин агымын дагы да көбөйтүү максатында инфраструктуралардын курулушун колго алып, муну менен катар ири маданий-спорттук иш-чараларды өткөрүүгө өзгөчө көңүл бурууда. “Кабар” агенттиги өлкө туризм тармагында эл аралык имиджин жогорулатуу үчүн көрүп жаткан иш-аракеттеринине токтолот.

WhatsApp Image 2026-07-31 at 12.20.34.jpeg

Көл үстүндөгү “Формула-1”

31-июлдан 2-августка чейин Ысык-Көлдө Борбор Азиянын тарыхында биринчи жолу UIM F1H2O сууда сүзүүчү моторлуу кайыктар жарышы боюнча дүйнө чемпионатынын "Кыргызстандын Гран-приси – Ысык-Көл 2026" этабы өтөт. Бул мелдешке 20га жакын эл аралык команданын жана дүйнөнүн мыкты пилоттору катышмакчы. Ошондой эле 30дан ашык өлкөдөн 25 миңге чейин коноктордун келиши айтылууда. Мындан тышкары, чемпионатты эл аралык жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү чагылдырат. Иш-чара түз эфирде көрсөтүлө тургандыктан, он миңдеген көрүүчүлөр аралыктан болсо да Кыргызстанды көрүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

22bbd2ca-2b37-401d-_GdsPlSm.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Мелдештин тарыхында бул жолку чемпионат деңиз деңгээлинен эң жогорку бийиктикте өтө турганы менен айырмаланат. Ысык-Көл деңиз деңгээлинен 1600 метр бийиктикте жайгашкандыктан, жарышты дагы да өзгөчөлөнтөт.

Белгилей кетсек, Кыргызстан мелдешти утурлай 5-6 айдын ичинде даярданып, жогорку деңгээлде өткөрүүгө шарт түздү. Бает айылында жарыш үчүн инфраструктуралар курулду. Бул өз кезегинде чемпионаттан кийин ар түрдүү иш-чараларды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзө турган аянтча болуп калмакчы.

Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун биринчи орун басары Эрденет Касымов “Кабар” агенттигине берген маегинде чемпионат туристтерди тарта турган окуяга айланат деп белгиледи.

0dc7503f-cc56-4734-b07e-e31fabbe8593

“Иш-чараны 40тан ашык эл аралык жана чет өлкөлүк ЖМКлар чагылдырат. Мында бир гана мелдеш эле эмес, жалпысынан Кыргызстанды, анын туристтик потенциалын айтып берген материалдар даярдалып, туристтерди тартууга өбөлгө түзөт”, - деп айтты Эрденет Касымов.

Спорттук туризмге салым кошо турган Golf Resort Issyk-Kul

Күн мурун, 30-июлда Ысык-Көл облусунун Кош-Көл айылында эл аралык деңгээлдеги гольф-клуб ачылды. Golf Resort Issyk-Kul гольф-клубу 100 гектардан ашык аянтты ээлейт. Мында эс алуучуларды кабыл алууга ылайыкталган мейманканалар да курулду. Бул объект өлкөдө спорттук туризмди өнүктүрүүгө чоң салым кошо турган объекттердин катарын толуктады.

760286151_1076403924823111_8370267395567515946_n

Алдыда бул гольф-клуб эл аралык турнирлерди өткөрүүчү абройлуу борборлордун бирине айланарына, Кыргызстанды дүйнөлүк гольф картасында таанытууга олуттуу салым кошоруна үмүт артылууда.

760503428_1007168442350054_6153331362336959793_n

Президент Садыр Жапаров өлкөнүн кооз жаратылышы, анын ичинде кереметтүү Ысык-Көлдүн уникалдуу мүмкүнчүлүктөрү мындай долбоорлорду ишке ашырууга бардык шарттарды түзөрүн белгиледи. Мындан улам туризм экономиканын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары каралат.

“Өлкөбүздүн спорттук жана туристтик инфратүзүмүн өнүктүрүүдөгү дагы бир орчундуу кадам катары касиеттүү көл кылаасында эл аралык талаптарга жооп берген заманбап гольф-клубдун ачылышы туруктуу өнүгүүгө багытталган мамлекеттик саясаттын үзүрү болуп саналат”, - деп белгиледи Садыр Жапаров.

Кыргызстандын дүйнөлүк спорттук мейкиндиктеги ордун чыңдоо максатында мамлекет мындан ары да спорт тармагын өнүктүрүү, эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап инфраструктураны түзүүнү улантууну көздөөдө.

Этнокөчмөн цивизациясын тааныткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары

754066341_3922559264553910_3003792346384308609_n

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына туура 30 күн калды. Масштабдуу иш-чаранын салтанаттуу ачылыш аземи Бишкектеги жаңы курулуп жаткан “Бишкек Арена” стадионунда өткөрүлөрү мерчемделүүдө. Бул күнү 51 миң көрүүчүгө ылайыкталган заманбап спорттук аренанын да расмий ачылышы болот. Учурда стадиондун курулушу дээрлик аяктап калды.

438304328_2651130825061830_2575455356322480625_0JpMdxR.width-800

Ал эми мелдештер 1–6-сентябрь күндөрү Ысык-Көл облусунда өтүп, жабылыш аземи Чолпон-Ата шаарында уюштурулат.

202504171557-no3tmbvDW8.width-800

Көчмөндөр оюндары 10 жылдан ашык убакыт ичинде камтыган аймагын жана катышуучулардын санын 4-5 эсеге кеңейтти. 2014-жылы 19 өлкөдөн 600дөй оюнчу спорттун 10дон ашык түрү боюнча мелдешкен. Ал эми быйыл 100дөй мамлекеттен 3000ден ашуун спортчу келери күтүлүүдө. Спорттук программа бул ирет 43 түр боюнча беттештерди камтыйт.

Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары спорттук мелдештер менен гана чектелбестен, өлкөнүн улуттук маданий мурасын, көчмөн цивилизациясынын баалуулуктарын жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүн дүйнөгө тааныткан ири эл аралык долбоор болууда. Оюндардын алкагында чет өлкөлүк жана жергиликтүү коноктор үчүн атайын туристтик маршруттар уюштурулуп, алар кыргыз элинин тарыхы, каада-салты, кол өнөрчүлүгү, улуттук ашканасы жана көчмөндөрдүн жашоо образы менен кеңири таанышууга мүмкүнчүлүк алышат.

723768628_3875557892587381_4787292268466547702_n

Кырчын жайлоосунда учурда “Көчмөндөр ааламы” этно-маданий шаарчасы курулуп жатат. Анда көчмөн элдердин улуттук тамак-аштары, кол өнөрчүлөрдүн буюмдары дүйнөнүн булуң-бурчунан келген меймандардын назарына коюлат. Чолпон-Ата шаарындагы “Рух Ордо” маданий-этнографиялык комплексинде маданий фестивалдар өтөт. Ошондой эле “Дүйнөлүк көчмөндөр ашканасы” сынагы уюштурулмакчы. Сынакта 15 мамлекеттен ашпозчулары таймашат.

Белгилей кетсек, сынакка Канада, Англия, Молдова, Түркия, Сауд Аравия, Азербайжан, Грузия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Монголия, Россия жана башка өлкөлөрдөн келген ашпозчулар катышары айтылууда.

732654675_3892506874225816_2264240775175817455_n.jpg

Бүгүнкү күндө Кыргызстан туризм тармагында маркетинг стратегиясын даярдоо менен үч позицияга басым жасап жатат. Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун биринчи орун басары Эрденет Касымовдун айтымында, мында эң биринчи Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан, тоо туризмине өзгөчө маани берет. Экинчиден, көчмөн цивилизациясынын ордосу деген макам менен өзүн таанытууда. Үчүнчүдөн, Улуу Жибек жолунун боюнда жайгашкан өлкө катары туристтик дараметин көрсөтүп жатат.

“Биз туризм багытында жаңы деңгээлге чыгышыбыз керек. Ошол себептен, бул багыттарды эске алуу менен Кыргызстанда ири иш-чаралар өткөрүлүүдө. Аларга катышууга жана көрүүгө келген чет өлкөлүк туристтер мейманкаларга жайгашат, тамактануучу жайларга барышат. Мунун баары экономикага салым кошот”, - деди ал.

Туризм тармагы боюнча адис Азамат Жаманкулов “Кабар” агенттигине билдиргендей, ири иш-чаралардын өткөрүлүшү Кыргызстандын туристтик имиджин жогорулатууга таасирин тийгизе алат. Ошондой эле инфраструктуралык объекттер мындан ары да эл аралык иш-чараларды алып келет.

292303072_351857850439311_6049870045817919263_.width-800

“Көчмөндөр оюндарын өткөргөндөн кийин улуттук маанидеги жана эл аралык маанидеги иш-чаралардын өтүүсүнө өбөлгө болду. Мына азыр “Бишкек Арена”, Ысык-Көлдөгү гольф-клуб, “Формула-1” мелдешине окшогон спорттук иш-чараларга инфраструктуралар курулууда. Мисалы, “Бишкек Арена” пайдаланууга берилгенден кийин биз көп жылдардан бери эңсеп жүргөн дүйнөлүк деңгээлдеги жылдыздардын келишине жол ачылат. Буга чейин инфраструктуралык шарттар жок болгондуктан алар коңшу өлкөлөргө келип эле кетип калышчу. Дүйнөлүк турнелер бизде өткөн эмес. Ошондуктан инфраструктуралардын курулушу менен маданий-спорттук иш-чараларды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүүдө”, - деп эсептейт Азамат Жаманкулов.

Бул пикирге туризм тармагы боюнча эксперт Күлчоро Кадыралиев да кошулат. Анын айтымында, туристтик инфраструктуралардын курулушу, ири иш-чаралардын социалдык-экономикалык жактан натыйжалуулугу жогору. Мында кошумча жумуш орундары түзүлөт. Деги эле экономикага алып келе турган салымы абдан чоң болуп эсептелет.

WhatsApp_Image_Zku0EkK.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90

“Кыргызстанда туризм тармагы үчүн быйыл ийгиликтүү жылдардан болууда. Маданий-спорттук иш-чаралар жана долбоорлор жөн гана көрүүчүлөрдүн келип-кетишине эле эмес, өлкөнүн туризм маркетингине эбегейсиз салымын кошо алат деп ойлойм. Мисалы, “Формула-1” иш-чарасы бир сезондук иш-чара деп эсептелбейт. Ошондой эле ири иш-чаралар Кыргызстанга болгон ишенимдин көрсөткүчүн жана инфраструктарысынын даяр экенин айгинелеп турат. Гольф клубу албетте, туризмдин жаңы баракчасын ачты. Бул эми туристтердин келүүсүн көбөйтө алат деп айтсак болот”, - деп белгиледи Күлчоро Кадыралиев.

Өлкөдө төрт мезгилде тең эс алуучуларды кабыл ала турган "Ала-Тоо Резорт", "Чаткал Резорт", "Байтик Резорт" долбоорлору чекесинен ишке аша баштаса, туристтердин агымы дагы да жогорулай турганы айтылууда.

623413828_3710343585775480_6860516893141303893_n

Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча, 2026-жылдын 6 айында Кыргызстанга 6,3 млн турист келди. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу миллион туристке көп. Жылдын жыйынтыгы менен 13 млн туристке жетет деп күтүлүүдө.

545277492_3546758598800647_603917714860081131_n

Улуттук статистика комитетинин акыркы маалыматына ылайык, 2025-жылы туризм секторунда эс алгандардын жалпы саны 5,31 млн адамды түзгөн. Бул 2024-жылдагы 3,66 млн адамга салыштырмалуу 45,2%га көп экенин көрсөткөн. Туристтик агымдын өсүшү эс алуу жайлары, мейманканалар жана туристтик компанияларды камтыган уюшкан туризм секторунда, конок үйлөрдө жана жергиликтүү тургундардан турак жай ижарага алган туризм тармагында да байкалды.