Бишкек, 05.08.26 /Кабар/. Beeline улуттук мобилдик оператору Ысык-Көлдө акысыз кино көрсөтүүнү улантат. Августтун ар жума жана ишемби күндөрү көлдүн түндүк пляждарында ачык асман алдындагы унутулгус кинокечелер уюштурулат. Beeline баарыңыздарды кино жана жайкы маанайдан ыракат алууга чакырат.
Ушул аптада алгачкы иш-чараларыбыз орун алат:
- 7-августта саат 18:30 — Кош-Көл айылындагы Ololo Ak Jol пансионатында;
- 8-августта саат 18:30 — Бостери айылындагы Kyrgyzaltyn Resort эс алуу борборунда.
Кийинки көрсөтүүлөр «Алтын-Көл» (Кара-Ой айылы), «Ак-Марал» (Бает айылы) пансионаттарында жана башка жерлерде болот.
Beeline'дын расмий Instagram баракчасында көрсөтүүлөрдүн актуалдуу убакыттары жана локациялары тууралуу маалымат жеткиликтүү болот.
Экранда Beeline’дын демөөрчүлүгү менен тартылган «Бейиш 2: Апама кат» жана «Нелегал. Мексика аркылуу» аттуу жаңы ата мекендик тасмалар көрсөтүлөт.
Ошондой эле программада белектер, оюндар жана интерактивдер менен сынактар болот. Жаркын сүрөттөр үчүн эстеликке атайын фотозона орнотулат. Ал эми көрүүчүлөр кинонун чыныгы атмосферасын сезиши үчүн попкорн таратылат.
Beeline AZO кыргыз фильмдеринин онлайн-кинотеатрын кино көрсөтүүлөрдү уюштуруудагы жардамы үчүн ыраазычылык билдирет. Компания ошондой эле меймандостугу жана демилгени колдогондугу үчүн пансионаттардын администрацияларына ыраазычылыгын билдирет.
Бардык кино көрсөтүүлөргө кирүү акысыз. Ысык-Көлдүн жээгинде кино көрүүгө келгиле!
Beeline — жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн улуттук оператору.
КР МТжБМК караштуу МБА тарабынан берилген №15-1420-КР, №16-1526-КР лицензиялары, СӨМ караштуу МБА тарабынан берилген №21-0482-КР лицензиясы.