Кыргызстан жана Азербайжан президенттери Чолпон-Атада сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Президент 31 Июль 2026 12:15
photo_5431427703249771043_w.jpg
photo_5431427703249771044_w.jpg
photo_5431427703249771042_w.jpg
photo_5431427703249771048_w.jpg
photo_5431427703249771050_w.jpg
photo_5431427703249771047_w.jpg
photo_5431427703249771049_w (1).jpg
photo_5431427703249771046_w.jpg
photo_5431427703249771045_w.jpg
Алдыга
Артка
photo_5431427703249771043_w.jpg
photo_5431427703249771044_w.jpg
photo_5431427703249771042_w.jpg
photo_5431427703249771048_w.jpg
photo_5431427703249771050_w.jpg
photo_5431427703249771047_w.jpg
photo_5431427703249771049_w (1).jpg
photo_5431427703249771046_w.jpg
photo_5431427703249771045_w.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 31.07.26. /Кабар/. Бүгүн, 31-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин сүйлөшүүлөрү болуп өттү.

Садыр Жапаров бетме-бет сүйлөшүү учурунда Азербайжандын президентине Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапар менен келүү чакыруусун кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, бул сапар кыргыз-азербайжан кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө жаңы дем берерине ишеним артты.

Бетме-бет сүйлөшүү аяктаган соң президенттер Кыргыз-Азербайжан мамлекеттер аралык кеңешинин үчүнчү жыйынын өткөрүү үчүн жыйындар залына өтүштү.

Жолугушуудагы саламдашуу сөзүндө Садыр Жапаров экономика, инвестиция, транспорт, энергетика, билим берүү жана башка багыттар боюнча өз ара кызматташтыкты кеңейтүү үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи.

Кыргыз Республикасынын президенти сүйлөшүүлөр конструктивдүү жана өз ара ишенимге негизделген маанайда өтөрүнө, ал эми жетишилген макулдашуулар эки өлкөнүн кызматташтыгын чыңдоого жана элдердин бакубаттуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы союздаштык мамилелер жөнүндө келишимге кол коюу өзгөчө мааниге ээ, ал эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүүдөгү маанилүү этап болуп калат.

Өз кезегинде Азербайжандын президенти Илхам Алиев Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү, экономикалык потенциалын чыңдоодогу жана өлкөнүн эл аралык аброюн жогорулатуудагы олуттуу ийгиликтерине токтолду.

Илхам Алиев Азербайжан боордош кыргыз элинин жетишкендиктерине чын жүрөктөн кубана турганын баса белгиледи.

Азербайжандын президенти биргелешкен долбоорлорго, анын ичинде Карабахтын Агдам районунда белек катары курулган “Айкөл Манас” атындагы орто мектепке, Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүнө, маданий алмашууга, ошондой эле Азербайжандын Ысык-Көлдөгү туризмди өнүктүрүүгө кошкон салымына жогору баа берди.

Мамлекет башчылары жетишилген макулдашуулар Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы боордоштук жана союздаштык алакаларды эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн мындан ары дагы чыңдоого өбөлгө түзөрүнө ишеним билдиришти.