Касымалиев: Чемпионат достукту жана кызматташтыкты чыңдоо үчүн маанилүү эл аралык аянтчага айланды

Министрлер кабинети Жүктөлүүдө... 02 Август 2026 18:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Алдыга
Артка
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Ысык-Көл, 02.08.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Кыргызстан – Ысык-Көл 2026” UIM F1H2O суу-мотор спорту боюнча дүйнө чемпионатынын этабын салтанаттуу жабуу аземине катышты.

“Ушул күндөрү Ысык-Көл дүйнөнүн эң мыкты спортчуларын жана сууда жүрүүчү эң ылдам жарыш унааларын тосуп алды. Кыргызстан суу-мотор спорту боюнча дүйнөлүк борборго айланды, ал эми дүйнө жүзү боюнча миллиондогон көрүүчүлөр биздин жаратылышыбыздын кооздугун, элибиздин меймандостугун жана өлкөбүздүн потенциалын көрө алышты. Биз Кыргызстан ири эл аралык иш-чараларды жогорку уюштуруу деңгээлинде өткөрүүгө жөндөмдүү экенин көрсөттүк”, – деп баса белгиледи Адылбек Касымалиев.

Анын айтымында, чемпионат спорттук мелдештиктен алда канча ашып, мамлекеттер аралык достукту, өз ара түшүнүшүүнү жана кызматташтыкты чыңдоо үчүн маанилүү эл аралык аянтчага айланды.

Министрлер кабинетинин башчысы Суу-мотор спорту боюнча эл аралык федерациясына (UIM), улуттук федерацияларга, уюштуруучуларга, өнөктөштөргө, ыктыячыларга, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнө, медицина кызматкерлерине жана чемпионатты ийгиликтүү өткөрүүгө салым кошкон бардык адамдарга ыраазычылык билдирди. Спортчуларга өзгөчө ыраазычылык сөздөрү айтылды.

“Спорт мамлекеттик чек араларга карабастан адамдарды бириктирет. Чыныгы чемпиондук жеңиш менен гана эмес, атаандашты сыйлоо, адилеттүү күрөш жана өркүндөөгө умтулуу менен аныкталат. Спортту тынчтыкты жана өз ара түшүнүшүүнү чыңдоонун эң маанилүү куралдарынын бири кылып турган дал ушул баалуулуктар”, – деп белгиледи ал.

Адылбек Касымалиев жарыштын жеңүүчүлөрүн жана байге ээлерин куттуктап, бардык катышуучуларга жаңы жетишкендиктерди, коопсуз старттарды жана жаркын жеңиштерди каалады.

Сөзүн жыйынтыктап жатып, ал Кыргызстан эл аралык спорттук инфраструктураны өнүктүрүүнү, дүйнөлүк деңгээлдеги мелдештерди өткөрүүнү жана спортту туризмди, экономиканы жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн натыйжалуу куралы катары пайдаланууну улантаарын баса белгиледи.

“Бул чемпионат аяктады, бирок Кыргызстан үчүн эл аралык спорттун тарыхы эми гана башталат. Ысык-Көл ири эл аралык спорттук иш-чараларды өткөрүүчү жаңы дүйнөлүк борборго айланууда”,– деп билдирди минкаб жетекчиси.

Андан соң “Кыргызстан – Ысык-Көл 2026 Гран-приси” UIM F1H2O дүйнө чемпионатынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.