Бишкек, 24.10.25 /Кабар/. Нарын шаарында облустук, шаардык жана райондук прокуратуранын жаңы имараттары курулуп жатат.
Курулуш министрлигинен билдиришкендей, “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан курулуп жаткан имараттар төмөнкү даректерде жайгашкан:
Нарын шаарынын А.Молдоев көчөсү 170/5 дарегинде райондук, С.Жакыпов 17де шаардык, ал эми Ленин көчөсү 105 дарегинде облустук прокуратуранын имараты курулууда.
Бүгүнкү күндө жылуулук тармактарын орнотуу иштери аяктап, электр-техникалык бөлүгү толук аткарылды. Ошондой эле фасадды жылуулоо, сырттагы суу түтүк линиясын төшөө иштери аткарылууда.