Нарында мамкызматкерлер кан тапшыруу үчүн текшерүүдөн өтүштү

Аймак 04 Август 2025 18:03
526986248_1517869502957808_8323902112254111963_n.jpg
526992999_1517869636291128_7797337941461747800_n.jpg
527337210_1517869619624463_9206018955013596391_n.jpg
Алдыга
Артка
526986248_1517869502957808_8323902112254111963_n.jpg
526992999_1517869636291128_7797337941461747800_n.jpg
527337210_1517869619624463_9206018955013596391_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 04.08.25. /Кабар/. Бүгүн президенттин Нарын облусундагы өкүлүнүн аппаратынын кызматкерлери ыктыярдуу кан тапшыруу өнөктүгүнө катышуу үчүн медициналык текшерүүдөн өтүштү.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, текшерүүнүн жыйынтыгында аппараттын 10 кызматкери кан тапшырууга жарактуу деп табылды. Алар жакынкы күндөрү ыктыярдуу донор катары кан берүү иштерине катышат.

Белгилей кетсек, бүгүн министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик кызматкерлерди кан тапшырууга жана ыктыярдуу донор болууга чакырып, бул багытта активдүү жарандык позицияны көрсөтүүгө үндөгөн.

Анын айтымында, кан тапшыруу – адамдын өмүрүн сактап калууга жардам берген асыл иш. «Ар бир тамчы кан – бул кимдир бирөө үчүн жашоо. Мамлекеттик кызматкерлер коом алдында үлгү болушу керек», – деди Адылбек Касымалиев.

Ал ошондой эле мамлекеттик мекемелерде кан тапшыруу өнөктүктөрүн уюштурууну жана кызматкерлерге бардык шарттарды түзүүнү тапшырды.