Нарында экорейд: Мыйзамсыз куралчан аңчы жана браконьерлер кармалды

Коом Загрузка... 10 Июль 2026 11:55
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 10.07.26. /Кабар/. Нарын облусунда экологиялык мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө боюнча кезектеги рейддик иш-чаралар өткөрүлдү.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин аймактык башкармалыгынан билдиришкендей, рейддин жүрүшүндө Ак-Талаа районунун Жылаңач жайлоосунан Коңорчок айылынын М.А.К. аттуу тургуну кармалган. Ал эч кандай уруксат кагазы жок, сайсыз 20 калибрдеги аңчылык куралын колдонуп жүргөн. Алынган курал мындан аркы иликтөө иштери үчүн Ак-Талаа РИИБге өткөрүлүп берилди.

Мындан сырткары, Арпа суусунан тиешелүү уруксаты жок жана эрежелерди сактабай балык уулап жаткан 3 жаран аныкталган. Натыйжада Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, алардын ар бирине 1000 сомдон, жалпы 3000 сом айып пул салынды.

Жаратылыш ресурстары министрлиги жарандарды айлана-чөйрөнү коргоого жана экологиялык мыйзамдарды так сактоого чакырат. Мындай рейддик иш-чаралар аймактарда туруктуу түрдө улантылат.