Нарында асфальт заводуна 200 миң сом айып салынды

Аймак Загрузка... 03 Октябрь 2025 09:35
copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 03.10.25. /Кабар/. Нарында асфальт заводуна 200 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Нарын районунун Жалгыз-Терек айылындагы асфальт заводу жана таш майдалоочу ишканасынын курулушу тийиштүү мекеме тарабынан текшерилди.

Аталган аймакта "Ченюань" ЖЧКсы тарабынан курулушка уруксат берүүчү кагаздары жок жана реестрде катталбастан өз билемдик менен курулуш иштери жүргүзүлүп жаткандыгы аныкталды.

Натыйжада курулуш компанияга карата акт түзүлүп, мыйзам бузууларды жоюу боюнча жазуу түрүндө эскертүү берилди. Ошондой эле протоколдун негизинде 200 миң өлчөмүндөгү айып пул салынды.