Нарында аким жана мэрлерге улуттук коопсуздук жаатында квалификацияны жогорулатуу курстары өтүүдө

Аймак 13 август 2025 08:55
e05239ba-6941-45de-b0fe-8c68fa23a072.jpeg
37f3d649-33c9-4eaf-aa97-440b5c12dce1.jpeg
f052586b-ef5d-4b34-a333-c5ee86467fd9.jpeg
4c629e69-3cf4-4e73-b39b-d78ae75befc7.jpeg
aff7cc53-b842-47b5-9e51-e87d5fad60c1.jpeg
e348f492-7734-48e7-b01f-2eff0ec8c429.jpeg
Алдыга
Артка
e05239ba-6941-45de-b0fe-8c68fa23a072.jpeg
37f3d649-33c9-4eaf-aa97-440b5c12dce1.jpeg
f052586b-ef5d-4b34-a333-c5ee86467fd9.jpeg
4c629e69-3cf4-4e73-b39b-d78ae75befc7.jpeg
aff7cc53-b842-47b5-9e51-e87d5fad60c1.jpeg
e348f492-7734-48e7-b01f-2eff0ec8c429.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Коргоо министрлиги

Бишкек, 12.08.25. /Кабар/. Нарын шаарында райондук мамлекеттик администрация башчылары (акимдер) жана шаар мэрлерине улуттук коопсуздукту камсыздоо багытында квалификацияны жогорулатуу курстары өтүүдө. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

Анда белгиленгендей, күн мурун иш-чаранын ачылыш аземи болду.

Аны Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы— коргоо министринин биринчи орун басары Кумарбек Калматаев ачып, курстун маанилүүлүгүн белгиледи.

“Бул курс жетекчилерге алардын компетенциясынын чегинде улуттук коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча негизги талаптарды жеткирүүгө, ошондой эле биргелешкен иш-чараларды жүзөгө ашырууга, мамлекеттик администрациялардын ордун аныктоого багытталган”, - деп айтты.

Министрликтин маалыматы боюнча, курстарга өлкөнүн бардык аймактарынан 60тан ашык райондук администрациялардын жана шаар мэрияларынын жетекчилери катышууда.

Алар үчүн аймактык коргонуу, мобилизациялык даярдык жана улуттук коопсуздукту камсыздоо багыттары боюнча теориялык жана практикалык сабактар өткөрүлөт.