Бишкек, 24.09.25. /Кабар/. Нарын жана Ысык-Көл облустарында аквакультураны уюштуруу жана балык чарбасын түзүү боюнча окутуу-семинары өткөрүлөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Окутуулар Балык өнөр жайы комплекси департаменти тарабынан уюштурулат.
Семинардын жүрүшүндө төмөнкү негизги темалар каралат:
- балык чарбасына жер участокторун берүү жана аларды берүү тартиби;
- республикалык көлмөлөрдө жана суу сактагычтарда белгиленген балык өстүрүү зоналарында, балыктын түрлөрүнө жараша өстүрүү ыкмалары;
- торчо балык чарбаларын, бассейндик балык чарбаларын, ошондой эле көл, суу сактагыч жана көлмө балык чарбаларын уюштуруу боюнча практикалык маалыматтар;
- аквакультураны уюштурууда жана жүргүзүүдө ветеринардык-санитардык талаптар, нормалар жана буфердик зоналарды сактоо эрежелери.
Семинарлар райондук мамлекеттик администрацияларында төмөнкү күндөрү өткөрүлөт:
- 24-сентябрда — Нарын облусунун Кочкор районунда;
- 25-сентябрда — Нарын шаарында;
- 26-сентябрда — Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз жана Түп райондорунда.