Нарын жана Ысык-Көл облустарында таза суу объекттеринин абалы текшерилди

Коом Загрузка... 25 Декабрь 2025 09:54
586461622469998_big.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 25.12.25. /Кабар/. Нарын жана Ысык-Көл облустарында таза суу объекттеринин абалы текшерилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматында белгиленгендей, мониторингдин жүрүшүндө Кочкор районундагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Жол айылындагы курулуш объектилеринин абалы текшерилип, таза суу менен камсыздоодо бир катар кемчиликтер аныкталды жана аларды жоюу боюнча тиешелүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле Ысык-Көл районундагы Григорьевка айылындагы “Келечек” муниципалдык ишканасы тарабынан калкты ичүүчү суу менен камсыздоодо да бир катар кемчиликтер бар экени белгиленип, аларды тез арада жоюу тапшырмасы берилди.

Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын директору Азамат Саралаев Нарын жана Ысык-Көл облустары боюнча аймактык башкармалыктардын жетекчилерине аныкталган кемчиликтерди четтетүү боюнча тыкыр көзөмөлгө алууну айтты.

Таза суу обьектилерине болгон мониторинг жалпы республика боюнча жүргүзүлүүдө.