Нарын жана Градара шаарлары кызматташат

Аймак 7 июль 2025 15:45
515087745_1774283763164224_5341631994912111481_n.jpg
516800667_1774282046497729_3269860016568660842_n.jpg
504429335_1774284106497523_5132029432177636780_n.jpg
516632284_1774283926497541_5978472576699676157_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Нарын шаардык мэриясы

Бишкек, 07.07.25. /Кабар/. Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев Италиянын Градара шаарынын мэри Филиппо Гаспери баштаган делегация менен жолугушту.

Муниципалитеттен билдиришкендей, делегация эки тараптуу кызматташуу менен Нарын шаарына мыкты тажрыйбаларды тартуу максатында Нарын шаарынын мэри тарабынан чакырылган.

Жолугушууда Тутуев шаар тууралуу кери маалыматын берип, учурдагы аткарылып жаткан иштер, келечекке пландалган максаттар менен тааныштырып, Гарадара шаары менен маданий-гуманитардык, туризм, бизнес, билим берүү багыттарында кызматташуу кызыкчылыгы бар экендигин билдирди.

Жолугушуунун алкагында шаар башчылары эки тараптуу достук, кызматташтык келишимине кол коюшуп, журналисттер үчүн маалымат жыйында жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп беришти.