Нарын, Талас, Казарманга авиакаттамдын саны көбөйөт

Аймак Загрузка... 24 Декабрь 2025 09:10
203a2bed-793d-423a-83f1-476ea82ad78e.jpeg

Бишкек, 24.12.25. /Кабар/. Нарын, Талас, Казарманга авиакаттамдын саны көбөйөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Анын айтымында, буга чейин бул аймактарга жумасына бир ирет гана каттам аткарылчу.

"Нарын, Талас, Казарманга каттамдар мурда жумасына 1 жолу аткарылчу. 4-январдан баштап бул багыттар боюнча жумасына 2 ирет каттам аткарылат", - деп белгиледи Алагөзов.