Нарын шаарында төрөт үйү курулууда

Аймак 426 11 Июнь 2026 16:20
721576052_1509958953936482_7551427544331615153_n.jpg
721209219_1509959040603140_340326521564902556_n.jpg
720509458_1509958833936494_5611977413407574641_n.jpg
721951128_1509958843936493_4385518225123864747_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 11.06.26. /Кабар/. Нарын шаарында төрөт үйү курулууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Объекттин курулушу 2025-жылдын декабрь айында башталган.

Башкы план боюнча, жалпы аянты 3129 чарчы метрди түзгөн үч кабаттуу имарат 100 орунга ылайыкталган.

Төрөт үйү керектүү медициналык жабдуулар менен камсыздалып, ашкана, дарыгердин кабинети жана стерилдөө бөлмөлөрү жайгаштырылат.

Курулуш-монтаждоо иштерин башкы подрядчы “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө.