Нарын шаарында салттуу кол өнөрчүлүк борбору ачылды

Маданият Загрузка... 15 Май 2026 15:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Маданият министрлиги

Бишкек, 15.05.26. /Кабар/. Бүгүн Нарын мамлекеттик облустук тарыхый-этнографиялык музейинде Салттуу кол өнөрчүлүк борбору ачылды.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, муну менен катар сүрөтчү Залкарбек Эсенкановдун "Ата мээнети – эне мээрими" аттуу жеке көргөзмөсү салтанаттуу ачылды.

Иш-чара Эл аралык музейлер күнүнө карата ICOM тарабынан жарыяланган "Музейлер бөлүнгөн дүйнөнү бириктирген мейкиндик" темасынын алкагында уюштурулду.

Жаңы ачылган борбор салттуу кол өнөрчүлүктү сактоо, өнүктүрүү жана кийинки муунга өткөрүп берүү максатында түзүлүп, шырдак, ала кийиз, сайма, зергерчилик, өрмөк согуу жана башка улуттук өнөр түрлөрүн жайылтууга багытталган.

Иш-чаранын алкагында кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класстар, көргөзмөлөр жана этно-көрсөтүүлөр уюштурулду.