Нарын районундагы бардык мектептер суукка байланыштуу жабылды

Аймак Загрузка... 12 Январь 2026 18:00
WhatsApp Image 2026-01-12 at 17.54.55 (1).jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 12.01.25 /Кабар/. -35 градуска чейин төмөн түшүп жаткан аба ырайына байланыштуу Нарын районундагы жалпы 32 мектеп аралыктан окууга өткөрүлдү.

Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Элвира Жанболотова “Кабар” агенттигине билдиргендей, мындай чечим бүгүнкү штабдык отурум учурунда кабыл алынган.

“Биздин мектептер негизинен кыш мезгилине толугу менен даяр. Балдардын аралыктан окууга өтүүсүнө сырттагы суук себеп болууда. Андан сырткары, ӨКМ аймактагы суук 19-январга чейин күчүндө болорун билдирди. Ошондуктан, алыс жактардан, тоо этектеринен келген балдардын коопсуздугуна жана ден соолугуна кам көрүү максатында аларды тараттык. Ал эми бала бакчалар иштеп жатат”,-деди ал.