Нарын - Орук - Там жолуна түшкөн кар көчкү тазаланып, каттам берилди

Аймак 8 апрель 2025 18:22
Нарын - Орук - Там жолуна түшкөн кар көчкү тазаланып, каттам берилди
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 08.04.25. /Кабар/. Нарын - Орук -Там жолуна түшкөн кар көчкү тазаланып, каттам берилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кар көчкү аталган жолдун 60-чакырымына түшкөн. Учурда №8 Жол тейлөө ишканасы тарабынан кеңейтүү иштери жүрүүдө.

Эске салсак, жолдун жогоруда аталган тилкесине 7-апрель күнү, саат 15:30дар чамасында кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылган. Жабыркагандар жок.