Нарын облусунун мектептерине 1610, бала бакчаларга 729 видеокөзөмөл орнотулду

Аймак Загрузка... 10 Февраль 2025 12:50
kamera.jpg
copyright icon www

Бишкек, 10.02.25. /Кабар/. Нарын облусунда мектептерде жана бала бакчаларда коопсуздук чаралары күчөтүлүүдө.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Нарын облусунда мектептердин жана балдар бакчаларынын аймагында көзөмөл жүргүзүүчү видеокамералар орнотулуп ишке киргизилди. 

Маалыматта айтылгандай, облуста 140 мектеп жана 145 бала бакча бар. Мектептер интернет байланышы менен толук  камсыз  болуп, бардыгы 1 миң 610  видеокөзөмөл камерасы орнотулган. Ошондой эле, 145 бала бакчанын 112 бала бакчасына 729 видеокөзөмөл камерасы орнотулган. Калган бала бакчаларда дагы видеокөзөмөл жүргүзүү уланууда.

"Коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-чаралар мындан ары дагы уланып, контролдоо системалары, тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн инфратүзүмдү жакшыртуу пландалууда",-деп айтылат мааыламатта.