Нарын облусунда жазгы талаа иштерине карата даярдык жүрүүдө

Аймак Загрузка... 26 Февраль 2025 11:27
IMG_2534.jpeg
copyright icon www

Бишкек, 26.02.25. /Кабар/. Нарын облусунда жазгы талаа иштерине карата даярдык жүрүүдө.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жазгы айдап-себүү иштеринин жүрүшүнө даярдык көрүү жана аны өз убагында өткөрүүгө облус башчынын атайын буйругу чыгарылып, облустук штаб түзүлгөн.

Ага ылайык иш-чаралар планы бекитилип, тийиштүү облустук мекеме-ишканалар, райондордун жетекчилиги тарабынан аткарууга алынууда.

Белгилей кетсек, аталган аймакта жазгы айдап-себүү иштери адатта 15-20-апрелден башталат. Быйыл облуста жалпы 44 миң 45 га айдоо аянтын өздөштүрүү пландалган.

Бүгүнкү күнгө жазгы айдап-себүү жумуштарына керектелүүчү материалдык жана техникалык каражаттар менен камсыздалып жатат. Атап айтсак,

- айыл-чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүнүн топтолушу жалпы 6953,8 тонна керектелсе, учурда болжолдуу 6518,8 тонна даяр;

- минералдык, органикалык жер семирткичтерден 18849 тонна керектелет (азот- 9322 т, фосфор-7932 т, калий 1595 т.);

- күйүүчү-майлоочу майлардын болжолдуу жалпы керектөөсү 1765,6 тоннаны түзөт;

- облус боюнча 1998 айыл чарба техникалары бар, мунун ичинен 1485 техникасынын абалы жакшы, ал эми калганы оңдоо же жаңы техника менен толуктоо иштери жүрүүдө;

- суу чарба башкармалыгынын тейлөөсүндө жалпы 754 км чарбалык каналдар бар, анын ичинен 44 км каналды тазалоо иштерин жүргүзүү күтүлүүдө;

- айыл өкмөттөрдүн балансындагы ички чарбалык каналдар жалпы 3008,39 км бар, жаз алды менен анын 1203,3 км тазалоо иштери жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, күзгү ным топтоо мезгилинде жалпы 18500 гектар жер сугарылган.

Тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу боюнча капиталдык салымдар беренеси аркылуу 61 млн 182 миң сом каржыланып, 268,5 га жерге жаз айларында системаны орнотуу иштери башталат.