Нарын облусун таза суу менен камсыздоо 85 пайызга жетти

Аймак Загрузка... 30 Июнь 2025 11:23
1.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 30.06.25 /Кабар/. Нарын облусу боюнча таза суу менен камсыз болуу деңгээли 84,6 пайызды түзөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Нарын облусунун 43 айылын камтыган таза суу долбоору 2020-2029-жылдарды камтыйт. Учурда эл аралык каржы институттарынын колдоосу менен жалпы суммасы 71,7 млн долларды түзгөн төмөндөгү долбоорлор ишке ашырылып жатат:

  • 6 айылда курулуш иштери толук бүткөрүлүп, колдонууга берилди;
  • 15 айылда курулуш-монтаж иштери жүрүп жатат;
  • 7 айылда тендердик баалоо баскычында;
  • 15 айылда долбоорлоо иштери жүргүзүлүүдө (мөөнөтү — 1 жыл).

Долбоордун 2-фазасы боюнча кошумча 15 айылга таза суу жеткирүү пландалууда. Жергиликтүү тазалоочу (ЛОС) системаларын куруу да каралган.

Нарын шаарындагы долбоорлор:

Таза суу жана канализация долбоорунун жалпы суммасы — 12,7 млн евро:

  • 1-фазада (6,2 млн евро): 15 км суу, 6 км канализация түтүктөрү жана 8 атайын техника сатып алынган;
  • 2-фазада (6,5 млн евро): жаңы саркынды сууну тазалоочу жай, 12 км канализация түтүгү, 2 насостук станция куруу иштери башталды.

Ошондой эле республикалык бюджеттен дагы каражат бөлүнүп, 18 айыл долбоорго киргизилган. Анын ичинен:

  • 10 айылда долбоорлоо иштери пландаштырылды;
  • 8 айылда курулуш иштери пландаштырылды;

Нарын облусунун ичүүчү суу системаларын жакшыртууга жалпысынан 7 млрд 558 млн сом бөлүү каралган.