Бишкек, 30.01.26. /Кабар/. Нарын облусунда көп балалуу үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө ведомство башчысы Канат Сагынбаев 5 жашка чыга элек 5 баланы тарбиялап жаткан жана оор турмуштук абалга кабылган Мединанын үй-бүлөсүнө барды.
Учурда балдар кичинекей, ал эми үй-бүлө башчысы ден соолугуна байланыштуу убактылуу эмгектене албайт. Министр жашоо шарттары менен таанышып, ата-энелер жана жергиликтүү социалдык коргоо органдарынын өкүлдөрү менен баарлашты.
Сапардын жыйынтыгында үй-бүлөгө "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун жана 3 жашка чейинки 2 балага ай сайын берилүүчү жөлөк пулду тариздөө жана дайындоо боюнча жардам көрсөтүлдү. Мындан тышкары, президенттин Нарын облусундагы өкүлүнүн орун басары облустук администрация кыш мезгилине көмүр менен камсыздоодо колдоо көрсөтөрүн билдирди.
"Турмуштук оо абалга кабылган үй-бүлөлөрдү колдоо — бул мамлекеттин түздөн-түз милдети. Биздин милдет — жөлөк пулдарды өз убагында дайындоо менен гана чектелбестен, мындай үй-бүлөлөрдү коштоп, аларды туруктуу жашоо деңгээлине чыгарууга жардам берүү, балдарга өсүп-өнүгүүсү үчүн татыктуу шарттарды камсыз кылуу", - деп белгиледи Канат Сагынбаев.