Бишкек, 12.12.25. /Кабар/. Нарын облусунда учурда аткарылып жаткан иштер жана алдыдагы пландарды натыйжалуу ишке ашыруу бир катар министрлер менен болгон жолугушууда талкууланды. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалымдалгандай, декабрь айынын башында ыйгарым укуктуу өкүл баштаган облустун шаар жана район башчылары Бишкекке келип, төмөнкү төрт министрликте жолугушуулар өткөн:
- Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги,
- Финансы министрлиги,
- Транспорт жана коммуникациялар министрлиги,
- Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги.
Буга чейин жай айларында социалдык тармактарда Нарын облусунда тургундардын көйгөйлөрү чечилбей жатканы тууралуу көйгөйлөр айтылган. Мында дал ушул жол, курулушу жана башка социалдык көйгөйлөр баяндалган.
Кайрылуудан кийин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган бийлик өкүлдөрү Нарын шаарына барып жеринен кабар алып, мамлекет башчысы Садыр Жапаров президенттин фондунан шаарга 807 млн сом бөлгөндүгүн билдирген. Ошондон улам өкүлчүлүк Нарын облусундагы бардык иштер курулуш, жолдор жана ирригация багытында жүргүзүлүп жатканын кабарлаган.

Курулуш тармагы. 2025-жылга карата жалпы Нарын облусунда 136 курулуш жүрүүдө. Анын ичинен 103 капиталдык курулуш, 33 капиталдык оңдоп түзөө курулуштары. Бул жалпы курулуштардын суммасы 9,8 млрд сомду түзгөн.
Үстүбүздөгү жылга карата 18 социалдык объекти планга киргизилип, учурда Нарын облусунда 4 бала бакчанын, 2 спорт залдын жана 9 мектептин курулуш иштери жүрүүдө. Алардын ичинен жаңы окуу жылына 6 мектеп жана 1 спорт зал жаңы салынып, пайдаланууга берилди. Ал эми жыл аягына 3 мектеп 4 бала бакча 1 спорт зал жана 1 оорукана пайдаланууга берилмекчи.

Белгилей кетсек, 4 бала бакчанын бири Нарындын Ат-Башы районуна караштуу Баш-Кайыңды айылындагы жаңы бала бакчанын курулушу аяктап, жакынкы күндөрү ишке кирүү алдында турат. Жалпы аянты 585 чарчы метри болгон имарат заманбап талаптардын негизинде курулуп, бөбөктөр жана тарбиячылар үчүн ыңгайлуу шарттар каралган. Жалпы курулуш-монтаждоо иштерине 71 млн сом жумшалган.
Андан тышкары, Нарын облусунун Кочкор районунда жалпы аянты 1320 чарчы метр, 230 орунга ылайыкташкан эки кабаттуу жаңы спорт комплекси курулууда. Бүгүнкү күндө спорт комплекстин пайдубалынын жерден жогорку катмары куюлууда. Ошондой эле Кочкор айылында заманбап төрт кабаттуу, эки корпустан турган райондук жаңы оорукананын курулушу жүрүүдө. Белгилей кетсек, аталган спорт комплекс жана оорукана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен курулууда.

Мындан сырткары, быйылкы капиталдык оңдоп-түзөө иштерине 28 социалдык объекти бекитилсе, азыркы учурда 27 мектеп 1 бала бакчада капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө.
Жол тармагы. 2025-жылга асфальт төшөөгө жана көпүрө курууга жалпы 968 млн 500 миң сомдук 14 обьект киргизилген. Асфальт төшөөгө жалпы 266 км жол каралып, учурда 100 км жолдорго асфальт төшөлдү. Мында асфальт төшөөгө 100 млн 813,5 миң сом, учурдагы оңдоо иштерине 43 млн 663 миң сом, кышкы күтүүгө 29 млн 252 миң сом, жалпы 173 млн 729,3 миң сом каржыланган.

Андан тышкары, Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу иштеринин жүрүшүндө Ат-Башы жана Ак-Талаа райондорунун аймактарында бекитилген пландын негизинде жалпы 208 км аралыгы боюнча темир жол салуу иштери жүрүүдө.
Инвестиция: 2025-жылдын январь-сентябрь айларында Нарын облусу боюнча 3683,6 млн сом капиталдык салымдар өздөштүрүлүп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 553,6 млн сомго көп болуп, өсүү темпи 117,6 пайызды түздү.
Бардык өздөштүрүлгөн капиталдык салымдын 39,6 пайызы республикалык бюджет, 0,7 пайызы жергиликтүү бюджет, 10,4 пайызы ишкана-уюмдардын каражаты, 12,02 пайызы чет өлкөлүк насыялар, 1,7 пайызы түз чет өлкөлүк инвестициялар, 13,2 пайыз чет өлкөлүк гранттар жана гуманитардык жардамдар, 22,1 пайызы калктын каражаты түздү. Мисалы, жакында эле Нарын шаарындагы таштанды төгүүчү жайга биринчи жолу таштандыларды сорттоочу ишкана инвесторлордун жардамы менен ачылды. Таштанды полигонунун жанына салынган ишканада турмуш тиричилик калдыктарынын 7 түрү сорттолуп, кайра иштетилет. Ишкана жалпы 20 жумушчу орун түзөт. Наркы 9 млн сомго бааланган ишканада 1 саатта 4 тоннага чейин таштанды сорттолмокчу.

Маалымдалгандай, бул жай инвестициялык долбоорлордун негизинде каржыланып, шаардагы таштандыларды кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Жалпы облус боюнча 26 айыл аймагында жана Нарын шаарын кошкондо жалпы 73 таштанды таштоочу жайы 78,4 га жер аянтында жайгашкан.
Эскерте кетсек, ноябрь айында Нарын облусунда жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча облустук коллегия өтүп, ар бир тармак боюнча аткарылган иштер, көйгөйлөр белгиленди.
Отурумда бир катар жетекчилердин жоопкерчилиги каралып, жетекчилерге мамлекеттик талаптарды так аткаруу зарылдыгы айтылды.