Нарын облусунда 12:00гө карата шайлоочулардын 14 пайызы добуш берди

Шайлоо Загрузка... 30 Ноябрь 2025 12:25
WhatsApp Image 2025-11-30 at 12.20.17.jpeg
copyright icon Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 30.11.25. /Кабар/. Нарын облусунда 12:00гө карата шайлоочулардын 40 миңи добуш берди . Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, облуста жалпы 2 шайлоо округу түзүлгөн. №30 шайлоо округу жана №29 шайлоо округу. Мындан сырткары, аралыктан добуш берүү үчүн 1 шайлоо участогу ачылган.

Бардык шайлоо участкалары тиешелүү жабдыктар менен жабдылган.

№30 шайлоо округунда шайлоочулардын саны 20 миң 919 – 15,3 пайызы, ал эми №29 шайлоо округунда 17миң 960 - 13 пайызды түздү.

Жалпы облус боюнча 221 миң шайлоочу бар.