Нарын облусун өнүктүрүүгө кошумча каражаттар бөлүнөт - Ташиев

Коом 677 25 Июнь 2025 16:00
511948041_1567669370858732_4673486161156790280_n (1).jpg
512006116_1567669177525418_6950017335084590360_n.jpg
512665844_1567669337525402_631519806522338151_n.jpg
513089439_1567669210858748_4376019017151845131_n.jpg
513441282_1567669204192082_832831397525601795_n.jpg
513538561_1567669284192074_3491631634557465595_n.jpg
513577269_1567669247525411_8027527654848275442_n.jpg
511012935_1567669317525404_4517195425313440350_n.jpg
511764406_1567669264192076_2793252441221795442_n.jpg
511764727_1567669227525413_279378757178539886_n.jpg
511919563_1567669164192086_8542830142357633066_n.jpg
Алдыга
Артка
511948041_1567669370858732_4673486161156790280_n (1).jpg
512006116_1567669177525418_6950017335084590360_n.jpg
512665844_1567669337525402_631519806522338151_n.jpg
513089439_1567669210858748_4376019017151845131_n.jpg
513441282_1567669204192082_832831397525601795_n.jpg
513538561_1567669284192074_3491631634557465595_n.jpg
513577269_1567669247525411_8027527654848275442_n.jpg
511012935_1567669317525404_4517195425313440350_n.jpg
511764406_1567669264192076_2793252441221795442_n.jpg
511764727_1567669227525413_279378757178539886_n.jpg
511919563_1567669164192086_8542830142357633066_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 25.06.25 /Кабар/. Нарын облусун өнүктүрүүгө кошумча каражаттар бөлүнөт. Бул тууралуу бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын шаарында облус, район, шаар жетекчилери менен өткөргөн жыйында айтты.

Жыйында Ташиевге Нарын облусу боюнча буга чейин мамлекет тарабынган бөлүнгөн 9,4 млрд сом каражаттын эсебинен жүргүзүлүп жаткан курулуштар тууралуу маалымат берилди. Мындан тышкары, президент Садыр Жапаров облустун борбору болгон Нарын шаарынын өнүгүшүнө 807 млн сом бөлүп бергени маалымдалды.

Ташиев жергиликтүү жетекчилердин кайрылууларын угуп, аталган суммадан тышкары Нарын шаарына 10 автобус, 5 таштанды жыйноочу техникага жана "Жээк аллеясынын" эки тарабынын курулушун жүргүзүү үчүн жалпы 250 млн сом бөлүнүп берилерин айтты.

Ошондой эле облуста эң көйгөйлүү болгон жол маселесин чечип берүү үчүн Транспорт жана коммуникация министри Абсаттар Сыргабаевден быйыл облуста планга кирген жолдорду оңдоону 100% бүтүрүп берүүсүн талап кылды. Министр 197 км жолду күз аларына чейин бүткөрөрүн убадалады.

Мындан тышкары, 2 жыл мурда курулушу башталган Нарын шаарындагы ипотекалык турак жайдын, "Теңир Тоо" өнүктүрүү фондунан 747 млн сом эчак бөлүнүп берилгени менен курулуш жай жүрүп жатканын сындады. Президенттин Иш башкармалыгын башчысы Каныбек Туманбаев 9 кабаттуу 216 батирдик ипотекалык турак жайдын курулушу 3 ай аралыгында бүтөрүн маалымдады.

Ал эми акимдер, айыл өкмөттөр, "Салкын-Төр" жаратылыш паркынын башчысы дагы акча каражатынын тартыштыгынан улам жергиликтүү деңгээлде чечилбей жаткан көйгөйлөрүн айтышты.

Анын негизинде Ташиев Ак-Талаа жана Жумгал райондоруна калкты тейлөө кызматына жаңы имараттар, Ат-Башы менен Ак-Талаа райондорунун борборлоруна заманбап спорт комплекстери кийинки жылда салынарын убадалады. "Салкын-Төр" жаратылыш паркынын жолун оңдоону Транспорт министрлигине тапшырып, анда быйыл даярдоо иштерин аткарып, 2026-жылы толугу менен асфальттоо жүргүзүлмөкчү. Ал эми ичиндеги инфратүзүмүн жакшыртуу үчүн генерал 30 млн сом берилерин белгиледи.

Нарын районунун 7 айыл өкмөтүнө 70 млн сом бөлүнөт, ал каражатка техникалар алынат. Жумгал районунун Жумгал айыл аймагына караштуу Чоң-Дөбө айылынын таза суу системасына керектелүүчү 55 млн сом дагы чечилерин айтты.

Врачтардын жетишсиздигин чечүү максактында жаңы келген врачтарга жашоо шартын түзүп берүү үчүн турак жай менен камсыздоо керектигин айткан акимдердин суранычын четке какпай, президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаевге Ак-Талаа районуна 10 врачка жана Кочкор районуна дагы 10 врач ылайык ипотекалык үйдөн батирлерди оорукананын балансына өткөрүп берүүнү тапшырды.

Ташиев ар бир иште сапатты талап кыларын жана бөлүнүп жаткан каражаттар тыкыр көзөлгө алынарын белгилеп, тийиштүү деңгээлде иштер жүргүзүлбөсө кызматкерлердин жоопкерчиги караларын эскертти.