Нарын облустук ооруканасына эки гемодиализ аппараты берилет

Ден соолук 07 Август 2025 12:00
3cd42ec1-2335-43b5-976d-576f7eeba028-WhatsApp Image 2025-08-06 at 15.13.04 (1).jpeg
45a33205-8f5f-47eb-833c-747d10c1d891-WhatsApp Image 2025-08-06 at 15.13.03.jpeg
19096e99-95e9-4f31-b491-4872e325e7f7-WhatsApp Image 2025-08-06 at 15.13.02.jpeg
a8e55e56-b8ae-4576-9241-611d41f8bcad-WhatsApp Image 2025-08-06 at 15.13.03 (1).jpeg
988f35c7-c6cc-4d8d-8bc1-b501da6002dd-WhatsApp Image 2025-08-06 at 15.13.03 (2).jpeg
b7140462-c713-4bf9-85b6-1ffa3e4db407-WhatsApp Image 2025-08-06 at 15.13.03 (3).jpeg
fe38da52-e985-494a-84bf-79c46a68e55f-WhatsApp Image 2025-08-06 at 15.13.04.jpeg
4ed9efb2-2bc1-44e1-9f1d-145f55f86e11-WhatsApp Image 2025-08-06 at 15.13.04 (2).jpeg
ae3f408a-7339-49c0-89d7-0d98ece60192-WhatsApp Image 2025-08-06 at 15.13.04 (3).jpeg
7acbeb84-9325-4991-8f2c-c742100f77b4-WhatsApp Image 2025-08-06 at 15.13.04 (4).jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек,07.08.25./Кабар/. Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Нарын облусунун Жумгал районундагы Жалпы дарыгерлик практика борборуна барды. 

Ведомстводон билдиришкендей, министр борбордун ишмердүүлүгү, ден соолукту чыңдоо кабинети жана Медициналык жардамдын сапатын көзөмөлдөө бөлүмүнүн иши менен таанышып, өзгөчө көңүл кадр тартыштыгы шартындагы мекеменин туруктуу иштөөсүнө бурулду.

Жумгал райондук ЖДПБнын директору Айнура Тентиеванын айтымында, райондо 45 миңден ашуун киши жашайт, алардын 13 миңден ашууну 14 жашка чейинки балдар. Мекеме керектүү медициналык жабдуулар менен камсыздалган, бирок адистердин жетишсиздигинен улам айрым жабдуулар пайдаланылбай турат. Учурда 20 керебеттик терапия бөлүмүн куруу үчүн долбоорлоо-сметалык документтер даярдалууда.

"Заманбап медициналык жабдуулар өз багыты боюнча колдонулуп, чыныгы пайда алып келиши керек. Эгерде алар убактылуу пайдаланылбай жатса, анда аларды бейтаптардын кызыкчылы үчүн эң ылайыктуу жерде колдонулушун шарттаганга аракет кылышыбыз керек", - деди министр Эркин Чечейбаев.
Министр колдонулбай турган техникаларды облустун башка саламаттык сактоо уюмдарына кайра бөлүштүрүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу тапшырмасын берди. Атап айтканда, 2024-жылдан бери Жумгал ЖДПБсында иштетилбей турган эки гемодиализ аппараты Нарын облустук бириктирилген ооруканасына өткөрүлүп берилет — ал жерде жабдуу менен иштей ала турган адистер бар жана ага болгон муктаждык жогору.

Мындан тышкары, жаш дарыгерлер, ординаторлор жана интерндер үчүн жашоо-шарт маселеси да көтөрүлдү. Жумгал районунун акими Адыбек Набиев менен жолугушууда министр жергиликтүү бийликтин бул маселеге активдүү катышуусунун маанисин белгиледи. 2024-жылы районго беш ординатор жиберилген, бирок алардын бирөө да жашоо-шарттын жоктугунан кетип калган.

Акимдин маалыматына караганда, мурда мамлекеттин балансына кайтарылган имараттын бири оңдолуп, медициналык кызматкерлер үчүн жатаканага ылайыкташтырылат. Бул максатта Өнүктүрүү фондунан 1 миллион сом бөлүнмөй болууда.