Нарын: Ленин көчөсүнүн 7,6 чакырымы толук асфальтталып бүттү

Коом 21 октябрь 2025 14:46
564664753_1128514396123972_238097964108211110_n.jpg
565856919_1128514392790639_186584134392850992_n.jpg
566280658_1128514422790636_27044632384866460_n.jpg
566333900_1128514452790633_6737191355581787679_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 21.10.25. /Кабар/. Нарын шаарындагы борбордук Ленин көчөсүнүн 7,6 чакырымы асфальтталып бүттү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө калган тилкеге асфальттын экинчи катмарын төшөө иштери кызуу уланып, жеринде кызматкерлер тынымсыз иш алып барууда.

Аны менен катар тротуар, бордюрларын куруу жана жарыктандыруу мамычаларын орнотуу жумуштары жүрүүдө. Жол чийиндери да чийилип жатат.

Белгилей кетсек, долбоорго ылайык 4 тилкеден турган жолдун ар бир тилкеси 3,5 метр болуп, жалпы унаа жүрүүчү бөлүктүн туурасы 14 метрди түзөт. Тротуардын кеңдиги 2,25 метр.