Нарын дарыясынын жээгинде жашагандарга коопсуздук эрежелери түшүндүрүлдү

Аймак Загрузка... 13 Апрель 2026 13:25
photo_53281935_VwlblrR.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 13.04.26 /Кабар/. Нарын шаарында Нарын дарыясынын жээгинде жайгашкан турак жайларда жашаган жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара коопсуздук чараларын күчөтүү максатын көздөйт. Анын алкагында дарыяга жакын жашаган тургундарга атайын даярдалган эскертүү баракчалары таратылды.

Баракчаларда суу жээгиндеги коопсуз жүрүм-турум эрежелери, өзгөчө жаш балдарды көзөмөлдөө зарылдыгы жана кырсыктардын алдын алуу боюнча сунуштар камтылган.

ӨКМ жарандарды өздөрүнүн жана жакындарынын коопсуздугуна кайдыгер карабоого чакырат.